Учурда өкмөт башчы Сапар Исаков оппозициячыл фракцияларга өткөн жылга аткарган иштери тууралуу отчетун берип жатат. Исаков  өткөн жылы өлкө экономикасынын баардык тармагында макроэкономикалык өсүштөр байкалып, жалпысынан 135 млрд сом көлөмүндө киреше алынды. Ошентип, макроэкономикалык өсүш 4,6 пайызды түздү дейт.

 

Анын айтымында, өткөн жылы эмгек акынын орточо өлчөмү 6,7 пайызга өсүп, 15,4 миӊ сомду. Ал эми пенсия 6,5 пайызга өсүп, 4501 сомду түздү.