Тогуз-Торо районундагы «Джи Эл Макмал Девелопинг» алтын чайкоочу фабриканын имараты өрттөлгөн фактынын негизинде 100дөй адам суракка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, суракка алынгандар арасында шектүүлөр бар экени айтылды. Бирок азырынча эч кимге күнөө коюла элек.

 

11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда «Жи Эл Макмал девелопинг» компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар нааразылыкка чыгып, имаратын өрттөп салышкан.

 

Андагы башаламандык боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси («Ээнбаштык») жана 174-беренеси («Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу») боюнча кылмыш иши козголгонун Ички иштер министрлиги маалымдады. Ага ылайык, козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүүдө.