Бүгүн, 17-апрелде премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кеңештин 3 фракциясына келип өкмөттүн өткөн жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчет берет.
Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, 13-апрелде өкмөт башчы Сапар Исаков “Өнүгүү-Прогресс”, “Республика-Ата Журт” фракцияларынын жыйынына келген эмес.
Ал эми “Кыргызстан” фракциясы өкмөттүн отчетун канааттандырарлык деп тапкан.