Руслан Чойбековго бүгүн, 16-апрелде депутаттык мандат тапшырылды.

 

Борбордук шайлоо комиссиясы кезектеги отурумунда «Кыргызстан» фракциясынын экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулунун мандатын кийинки тизмедеги Руслан Чойбековго тапшырды.

 

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-апрелде Дамирбек Асылбек уулун мандатынан ажыраткан. Буга анын Казакстандын жараны болгону себеп болгон.

 

Ал Казакстанда аткезчиликке шектелип кармалып убактылуу кармоочу жайга камалган.