Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын май айында  Орусияга Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынан маалымдашты.

 

Анын айтуусунда, ЕАЭБке мүчө мамлекет башчыларынын жолугушуусу Сочи шаарында өтөт. Учурда ага даярдык иштери жүрүп жатат.

 

Мындан тышкары, июнда Кытайга расмий сапар пландалып жатканы, ал ШКУ саммитинин алдында болору да кабарланды.