Бүгүн, Жогорку Кеңештин үч комитети өкмөттүн 2017-жылы аткарган иши тууралуу отчёт алат. Маалымдалгандай, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова маалымат берет.
Ал эми бюджет жана финансы боюнча комитетинде өкмөттүн 2017-жылдагы аткарган иштери боюнча вице-премьер-министр Санжар Муканбетов маалымат берет.
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетиниин жыйынына вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев катышып өкмөттүн отчету тууралуу баяндама жасайт.
Белгилей кетсек, өткөн жумада өкмөттүн отчётун Жогорку Кеңештеги оппозициялык «Республика-Ата Журт» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы угуудан баш тарткан.
Буга премьер-министр Сапар Исаковдун жыйынга келбей калышы себеп болгон.
Ал эми КСДП жана «Кыргызстан» фракциялары буга чейин өкмөттүн отчётун канааттандырарлык деп тапкан.