Бүгүн "Ала Арча" резиденциясында экс-президент Атамбаев КСДП фракциясынын депутаттары менен жолугушту. Жолугушуунун кандай өткөнүн журналисттерге депутат Рыскелди Момбеков айтып берди. 

 

"Мен Фарид Ниязов Атамбаев менен Жээнбековдун мамилесинин салкындашына жеткирди деп айттым. Анткени, ал президенттик аппаратты башкарып турганда фракция менен байланыш түзгөн эмес. Менин айтканымды угуп Атамбаев Ниязовду партиянын саясий кеңешинен чыгараарын айтты. Эми ал мындан ары "Апрель" кайрымдуулук фондун башкарат", - деди Момбеков.