– Конституцияга карты келген мыйзамдар да жок эмес. Тилекке каршы көздү жумуп келебиз. Баш мыйзам өзгөртүүгө муктаж эмеспи?

– Кыргызстандын Конституциялык мыйзамы боюнча, башка өлкөлөрдүн мамлекет башчылары чогулган жерде, сырткы-ички саясат, экономика жана чарба иштери боюнча келишимдерге биздин өкмөт кол коюшу керек. Бирок АША өзү түптөгөн СДПК партиясынан шайланган депутаттарынын күчү менен убагында «саясий сырткы келишимдерди президент алып барат» – деп парламенттен мыйзам чыгартып алган. Бул Конституцияга караманча-каршы келет. Анткени, «Конституцияга карама-каршы жазылган мыйзамдар иштебейт» – деп жазылып турат. Бирок Алмазбек Атамбаев бир канча мамлекеттерге барып, колдорун коюп жүрдү. Анын жыйынтыгы бизге белгилүү. Мисалы, Казакстан президенти Назарбаев менен пикир-келишпестиктен улам карапайым эл эле жапа чекти. Турция мамлекети менен кандай болгонун жакшы билесиздер. АША өзүнүн кызыкчылыгы үчүн гана иштеп, президенттин укуктарын чектеп койгон. Конституцияга каршы келген мыйзамдарга түзөтүү киргизиш керек. Конституцияда көрсөтүлүп турат, «Баш мыйзамга каршы келген мыйзамдар иштебейт» -деп.

– Учурда, Жээнбеков Атамбаевди камайт деген кептер чыгууда? Буга кандай карайсыз?

– АША «Сооронбай Шарипович менин кадрларыма каршы сүйлөп жатат» – деп иренжип, өзүн гана ойлоп жатат. Анын сөзүн сүйлөп, мыйзамды тебелеп, жарытылуу иш аткара албаган күч структураларынын эмне кереги бар?! Же эмне даты 6 жыл мамлекетти шоопур  менен жансакчылар башкарабы?! Учурда коррупция сары чырмооктой оролуп калган. Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековду «ЖЭБ маселесине күнөөлүү» деген таризде сүйлөдү. Мыкты болсо, ошол маалда президенттикке сунуштабай, жоопкерчиликке тартпайт беле?! Андан башка «Түндүк-түштүк жолу», «Датка-Кемин» канча каражат коротулуп, канчасы оң-сол чөнтөккө салынды ким билет? Дача-СУга кулаган учакта кимдин товары бар эле, Батукаевди Кызыл килем салып, ким качырды? Же буга дагы Сооронбай Шариповичтин тиешеси барбы? Сооронбай Шариповичтин саясий эрки жетип, ушул иштерди териштирип, Атамбаевдин күнөөсүн далилдей алса, албетте камаш керек. Эгер аны камаганга эрки жетпесе отставкага эле кете бергени о4. Учурда Атамбаев резиденцияда хан сарайда жашап жатат, бул эмне деген жорук? Андай болсо, кыйын кырдаалда белди бекем бууп, элди тынчтыкта кармаган Роза Отунбаевага да салып берсин. Ал дагы хан сарайга жашаганга татыктуу. Менин пикиримде Роза Исаковна өз ишин абдан татыктуу иштеди. Бирок ал Атамбаевдей болуп каада күткөн жок да.

– Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевден коркуп калган эл, учурда Асылбек Жээнбековго көп ишенбей чочулап турушат. Мандатын тапшыруусун талап кылгандар да болууда. Асылбек мырза чынында коркунучтуу фигурабы?

– Асылбек Жээнбеков «СДПК» партиясына саясий тизме менен кабыл алынган, эгер партиядан чыкса, автоматтык түрдө кетет. Биринчиден, Асылбек Жээнбеков партиясыз эркин депутат боло албайт. Экинчиден, оор кырдаалда Ошто Асылбек менен Сооронбай Шариповичтер эл менен бирге болгон. Асылбек «СДПК» партиясынын Оштогу ишенимдүү лидери катары жетектеген. Тажрыйбалуу депутат, агасынын таянычы. Атамбаевдин тарапташтары Асылбектин мандатын тапшыртып, агасын алсыздандырыш керек болуп жатканы ачыктан-ачык көрүнүп турбайбы. Учурда Сооронбай Жээнбековдун ишеничтүү бир эле адамы бар. Ал Асылбек Жээнбеков Атамбаевге коркунучтуу фигура ушул Асылбек болуп турат.

– ТЭЦтеги коррупциялык иштер аягына чыгабы?

– Өзбек эли маркум Ислам Каримовду али күнгө чейин сыйлайт. Бухара-Ташкент, Самарканд-Ташкенд, Ташкент-Алмата поезд каттамдарын жүргүзүп, сырткы карызы жок мамлекет. А Кыргызстанда ширенке курган завод жок. АША президент болуп турган маалда сырткы карыз аябай өстү. Карызды биз эле эмес, биздин неберелерибиз да пайызы менен төлөйт. ТЭЦ чырын жөнөкөй директорлорго жүктоп коёбу? Энергохолдинг деген млмлекеттик структура оңдүү, бирок министрликке баш ийбейт. Анда бизге министрликтин эмне кереги бар? Бул жерде чоң коррупция бар. Мына, электр энергиясын мамлекет чыгарат. Аны АШАнын балдары кымбат кылып элге сатып жатпайбы. Бул боюнча интернетте айтылып, жазылып жүрөт. Анан кантип Атамбаевди таза дейбиз? Эгер Сооронбай Жээнбеков ТЭЦ маселесинде таза болсо, коррупциялык иштердин аягына чыгат деп ойлойм.

– Текебаевди камактан чыгаруу маселесин текебаевчилер көтөрүп жатышат. Буга сиздин оюңуз кандай?

– Текебаев саясий туткун болду. Аны мөөнөтүнөн эрте чыгаруу мүмкүн эмес. Өмүрбек Чиркешович камактан чыгышы үчүн революция болушу керек. Себеби, бир саясатчыны чыгара турган болсок, экинчи саясатчынын тарапташтары да чыгат.

– Президент учурда кандай кадамдарды жасаш керек?

– Сооронбай Жээнбеков АША сымал «акаевчилдер, бакиевчилдер» – деп эски жаратты тырмай бербей, айткан сөзү менен кылган иши теп келиши керек. Мен ал кишини сыйлайм, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн колумдан келсе жардам берем. Атамбаевдин өкмөтү ушул убака чейин чеке жылытаарлык иш жасай элек. Бир дагы инвестор алып келе алышкан жок. Эми жаңы Президент элди түндүк-түштүккө бөлүп-жарбай бириктирүү керек.

 

                                                                                                                                                                                                                                 Булак: Ачык Саясат