- Турсунбек мырза, коомчулукта мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы ажо Сооронбай Жээнбековдун ортосунда тиреш башталганы боюнча түрдүү пикирлер арбын айтыла баштады. Атамбаевдин “тымызын башкарам, баары мен каалагандай болот” деген саясатына Жээнбеков макул болбой койгонбу?

 

- Мурунку жана азыркы президент КСДПнын съездине жакын төрт жарым саат сүйлөшкөнүн Атамбаев журналисттер менен болгон жолугушууда айтты. Сооронбай Жээнбековдун ишин сындап, ТЭЦ, “Райым миллиондун” иши боюнча ажого доомат коюп, бир жактуулукка жол берди. Кыскасы, ашыкча сүйлөп, элге алып чыкпай турган нерселерди жарыялап салды. Барынын жакшысы, Сооронбай Жээнбеков Алмаз Шаршеновичтин сөзүнө териккен жок. Президенттин пресс-кызматы да Атамбаевге расмий жооп кайтарып, кырдаалды курчуткан жок. “Ишибиз менен гана жооп беребиз”- деп койду. Кыскасы, Сооронбай Шарипович токтоолук, сабырдуулук кылды. Сыягы, Жээнбеков досу Атамбаевди мурунтан билгени үчүн анын эйфорияга батып кеткенин эске алды. Кандай болгон күндө да мен мурунку жана азыркы президенттер эки командага  бөлүнүп, бири-бирине каршы иштеп, арзыбаган нерсеге убакыт коротушун каалабайт элем. Себеби, булар бир канча жылдан бери ийиндеш жүргөн, саясаттын жыргалчылыгын эле эмес, кыйынчылыгын, азабын чогуу тарткан адамдар. Бири-бирин жакшы билген үчүн бири ашыкча сүйлөп алса, экинчиси жооп кайтарбай койду.

 

Б- ирок, анткен менен айтылган сөз атылган ок болуп, Атамбаев менен Жээнбековдун мамилеси бузулду деп жатышат го?

 

- Аның туура. Алмаз Шарпшеновичтин аша чапкан сөздөрүнөн экөө дос болгонуна карабай мамилелери солгундай түштү. Балким, ошон үчүн “ооруп жатам” деп 7-апрелде куран окуткан жерге келбей койгондур. Сооронбай Жээнбеков айкөлдүк кылып, анча-мынча таарынычты эске албай, Атамбаевди, Отунбаеваны да чакырыптыр. Атамбаев балдардын арбагын сыйлап, ооруп калса да келип, коомчулукта тарап жаткан түрдүү кептерге чекит коюп, “биз жакшы эле мамиледебиз, таарынычтарыбыз деле жок” дегендей түр көрсөтүп койсо болмок. Кыскасы, эки команда болуп тирешпей, мамлекеттик кемени чайпалтпай алып кетсе жакшы болот эле.

 

- Атамбаев: “Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырсын. Бакиевдердей кландык режим орун албасын”- деген оюн айтты. Ошол эле учурда КСДПнын курултайы жабык эшик артында өтүп, эки жолу катар спикер болгон Асылбек Жээнбеков чакырылбай калды го?

 

- Эмнегедир Асылбек Жээнбеков курултайга чакырылбай калды. Алмаз Шаршенович “Мискенбаев менден мурун айтып жибериптир” деп Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керектигин эскертти. Мен Алмаз Атамбаевдин бул сөзүнө кошулбайм. Анткени, Асылбек Жээнбеков шайлоодо түштүк регионунун коррдинатору болуп, КСДПнын көп добуш алышына салым кошкон. Ал мандатын тапшыргыдай Сооронбай Жээнбеков келгенден кийин кызматка келген жок. Тескерисинче, агасы Сооронбай губернатор болуп иштеп турганда бул спикер болду. Агасы премьер-министр болгондо спикерликтен кетти. Ошон үчүн буларды Бакиевдерге салыштырып, “кызматтарды басып алды” дегенибиз болбойт. Булар Бакиев эмес. Сооронбай Жээнбеков президент болгончо эле чоң кызматтарды аркалаган адамдар.   

 

- УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин кызматтан кеткенинде саясат жокпу?

 

- Андан сяасат издебей деле койсок болот. Анткени, Абдил Сегизбаев өз миссиясын аткарып бүттү. Атамбаев менен жакшы иштешти. Мактоого арзырлык иштерди да жасады. Ошол эле учурда кемчиликтерге да жол берди. Кыскасы, Абдил Сегизбаевдин кызматтан кеткенин “жаңы президент өз командасы менен ишке киришкени жатат” деп түшүнүп, аны  куугунтук катары кабыл алып, “өч алып жатат” деген ойдон алыс болушубуз керек.

 

- Абдил Сегизбаев жасалма жол менен президенттин каршылаштарын сындырып, жок жерден каралатып каматуу менен алек болгон жокпу?

 

- Кемчиликтер дегенде “Белизгейт” эске түшөт. Кыргыздын мыкты жигиттерин темир тор артына камоого салым кошконун эстейсиң. Бирок, Абдилди да мактай турган жери бар. Ал жакшы иштегени үчүн ИГИЛ Кыргызстанда өз саясатын жүргүзүп, мамлекетибиздин тынчтыгын буза алган жок. Анын бул аракети мактоого арзыйт.

 

- Эми коалиция тарап, Сапар Исаков да ээрден түшөт экен го?

 

- Чынын айтсам, депутаттар коалицияны таркатабы же таркатпайбы билбейм. Ошон үчүн Сапар Исаков кызматынан кетет же кетпейт деп айта албайм.

 

- Эми кызматтан кетүү кезеги Индира Жолдубаева менен Улан Исраиловго келдиби?

 

- Анысын билбейм. Бирок, Индира Жолдубаева жаман же жакшы иштеди деп анын ишине бир беткей баа берүүдөн  алысмын. Анткени, ал да колунан келишинче, мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче иштеди. Ал жылдык отчётун башкадан берип жибербей парламентке өзү келгенде, балким депуттар канааттандырарлык деп эле кабыл алышмактыр. Кыскасы, аты аталган инсандардын кызматтан кетер кетпесин мен эмес, депутаттар билет. 

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити