Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков Чыңгыз Айтматовдун сыйлыгына бөлүнчү 30 миң доллардын желип кетиши боюнча айыпталып жаткан ишке Аскар Шадиев сыяктуу эле жооп бериши керек. Анткени ошол кездеги комитет башчысы катары кол койсо, Турсунбеков төрага катары кол койгон. Акчанын алынышына уруксат берген. Демек, Чыныбайдын дагы жоопкерчилиги бар. Мындан сырткары, ТЭЦ боюнча ызычууга дагы тиешеси бар экени билинип отурат. Ал Кытайдын ТВЕА компаниясынын сыйын көрүп келгендердин көч башында турат. Кытайга барып тамагын ичип, сый көрүп, баалуу белек колтуктай келгенинин өзү баскан изи, кылган иши таза эместигин көргөзүп турат. Мына мурдагы Мүлк фондунун жетекчиси Болсунбек Казаков Максим Бакиевдин 48 коттеджин арзан сатып жибергени үчүн камалды. Дал эле ушул сыяктуу, баасы 700 миллионду чапчыган Бишкектин чок ортосундагы арак заводун 60 миллион сомдун тегерегиндеги арзыбаган акчага менчиктештирип алганы үчүн жооп бериши керек.

                                                                                                                                                                                                                                            Булак: “Фабула”