- Президенттин Түркияга болгон иш сапарында Эрдоган “гүленчилер” маселесин козгоду. Сооронбай Жээнбеков бул маселе боюнча кандай жооп кайтарса солгундаган мамилени жакшыртат?

 

 

 

- Эгерде биздин ажо түрктөрдүн сөзүнө маани бербей койсо эле мамиле тез арада солгундап кетээри бышык! Түрк мамлекети Гюленчилердин проектиси болуп келген “Себат” билим берүү тармагын тааныбай, душман катары көрүп келет. Ачыгын айтканда, азыр Орто Азия боюнча, Гулендин проектиси биздин гана Кыргызстанда гүлдөп тургандыгы жашыруун эмес! Азыр биздеги “себатчылар” Турцияга дагы бара алышпайт, булар азыр куугунтукта. Туура, “Себат” билим берүүдө бизге жакшы эле жардам беришти. Булар а дегенде бекер билим беришип, элди көндүрүп алгандан кийин олчойгон акы ала баштады. Башкача айтканда, булар азыр билим берүүдөн болуп көрбөгөндөй бизнес жасап жатышат. Дагы бир жагдай - мурун булар балдардын билимине карай кылдат тандап алышчу, эми болсо ким окуу акысын төлөй алса ошолордун барын билимине карабай эле окутуп жатышат. Негизи “гүленчилер” арканды узун ыргытып коюп иш башташкан, азыр биз ошол аркандын учунда болуп буларга ата-энелер көп акча берип жатышкан кездери! Сөздүн кыскасы, менин оюмча Түрк мамлекетинин сунушу толук кандуу болбосо да колдоого алынат болуш керек! Бир гана жол ушул!

 

 

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити