- Президенттин Түркияга болгон иш сапарында Эрдоган “гүленчилер” маселесин козгоду. Сооронбай Жээнбеков бул маселе боюнча кандай жооп кайтарса солгундаган мамилени жакшыртат?

 

 

Картинки по запросу эмилбек момунов 

 

- 2016-жылы Түркияда ишке ашпай калган козголоңдун уюштуруучусу катары өлкөдө расмий органдар тарабынан учурда АКШда бозгунда жүргөн Фетхуллах Гүлен жана анын тарапташтары таанылган. Андыктан эки жылдын аралыгында миңдеген гүленчилер жана бул кыймыл менен байланышы бар мамлекеттик кызматкерлер жумушунан гана алынбастан, сот жообуна тартылып келет. Мындан тышкары алардын мүлктөрү да мамлекеттин карамагына өткөрүлүп берилди. Ошол эле учурда Ф.Гүлен башында турган “Хизмет” кыймылынын чет өлкөлөрдөгү бөлүмдөрү менен мүчөлөрү да алды жоопко тартылып, арты ишмердүүлүгүн токтотту. Мисалы, Түркия менен достук мамиледеги Азербайжан, Түркмөнстан жана башка боордош өлкөлөр ушундай кадамга барышты. Тилекке каршы бир гана Кыргызстандын эски бийлиги “Түркия биздин ички ишибизге кийлигишпесин, биз өзүбүз билебиз...”,- деген тескери жоопту айтып туруп алды. Болгону Фетхуллах Гүлендин “Себат” билим берүү мекемесинин аты гана өзгөртүлүп, маңызы ошол бойдон кала берди. Ал эми Түркияда “террорчулардын уюгу” деп сот тарабынан чечим чыгарылган айрым ЖОЖдор дале ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.

 

Бирок, тышкы саясаттагы мындай туура эмес иш жүргүзүүдөн боордош, бир тууган эки өлкөнүн мамилеси дээрлик эки жыл боюу муздай тоңуп турду. Бир чети экс-президенттин жана анын жан-жөкөрлөрүнүн мындан башка жолу жок эле. Себеби алар өздөрү “гүленчилер” менен чырмалышып, шилекей алышып, ал тургай өздөрү “гүленчи” болуп калышкан. Чындыгында азыр Бишкекте жана башка ири шаарлардагы түрктөрдүкү деген ири соода жайлары жана кафе, ресторандар “гүленчилердики”. Алар акыркы алты жылда Кыргызстанда бир гана билим берүү тармагында эмес, бизнес, ишкерчилик, соода-сатыкты да мыкты өздөштүрүп, укмуш акча жасап жатышат. Бир сөз менен айтканда, Кыргызстан Түркиядан качып-бозуп келген “гүленчилердин” экинчи мекенине же бейишине айланып калган. Баарынан да гүленчилердин азыр өлкөбүздүн диний мекемелеринен тартып, Ак үй, Көк үй, Парламент сыяктуу жогорку бийлик органдарындагы жетекчилик жана жооптуу кызматтарды ээлеп алышкандыгы өтө коркунучтуу. Булар эч качан башкаларды же чыныгы мекенчил кыргыз азаматтарын бийликке жолотушпайт.

 

Бул тууралуу түрк лидери Эрдоган С.Жээнбеков менен жолугушууда ачык эле: “Биздин жакын кызматташтык, тилекке каршы, 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийин ар түрдүү сыноолорго туш келди. ФЕТО өзүнүн таасири астындагы кишилер аркылуу ушул кызматташтыгыбызды ууландырууга жана бузууга аракет кылды. ФЕТО мүчөлөрү жана ага жакшы карагандар Түркия менен Кыргызстандын ортосунда ар түркүн чагым салганга аракет кылды. Президент Жээнбековдун бүгүнкү сапары ФЕТОнун бул аракеттерине каршы эң жакшы жооп деп ойлойм. Ушул себептен муну баса белгилеп кетейин. Түркия ФЕТОнун акыркы мүчөсү мыйзам алдында жооп бергенге чейин өлкөнүн ичинде жана тышында бул уюмга каршы күрөшүн улантат. 551 жараныбыздын канын төккөн, дагы 29 жараныбызды өлүмгө учураткан бул мыкаачылардын колдорун бош коюп эркин жүрүшүнө жол бербейбиз. Кайда качса да, кайсы ийинге кирсе да аларды кулагынан кармап, укук коргоочуларга тапшырабыз. Түркиядагыдай эле Кыргызстан үчүн да коркунуч болуп турган бул уюмдун башчыларын кармап тамырын жулуу президенттер катары биздин моюнубуздагы милдет болуп эсептелет. Бул уюм бүгүн бизге кылганын эртең Кыргызстанга да жасайт”,- деп ачык эле айтты.

 

Эрдоган өзү айткандай, достукка да бекем, бирок ишенимден кеткен адамды аябайт же кечирбейт. Жада калса өлдүм деп аэропортто кулап түшсө да бир уурттам суу берип койбойт... Андыктан С.Жээнбеков эгер Түркия менен 1991-жылдан бери калыптанып калган достук мамилени кайра улантам десе, бир гана жогоруда айтылгандай, “гүленчилердин” билим берүү, бизнес тармагындагы ишмердүүлүгүнө тыюу салбастан, мамлекеттик жогорку кызматтарды ээлеп алган мүчөлөрү менен тарапташтарынан тазалаш керек...

 

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити