Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Европа Биримдигинин жетекчилери менен жолугушууда. Кыргызстандын Европа комиссиясындагы туруктуу өкүлү, Кыргызстандын бир катар Европа мамлекеттериндеги ыйгарым укуктуу элчиси Асеин Исаев "Азаттыкка" сүйлөшүүлөр жемиштүү болуп жатканын билдирди:

 

- Эң негизгиси - президент "биз парламенттик демократияга өтөбүз" деп айтты. Ушул учур аябай кызыктуу болуп жатат жана басым ушуга коюлууда. Президенттин экономикалык жактан эмес, саясий кызматташууну алдыңкы орунга коюп жатканы буларга жагып жатат. Саясий маселелер чечилсе башка маселелер да, экономикалык кызматташуу да чечилет. Азыр жаңы келишим каралып жатат. Эки жарым жылдын ичинде аны бүтүрүү боюнча тапшырма алдык. Бул келишим Европа Биримдиги менен карым-катышты жаңы деңгээлге чыгарат.

 

Исаев кошумчалагандай, президент Жээнбеков демократия жана адам укуктарын коргоо боюнча жолдон чыкпай турганын да билдирди. Ошондой эле аймактык кызматташууга да Бишкектин кызыкчылыгы бар экенин айткан.

 

Кыргызстандын мамлекет башчысы эки күндүк жумушчу сапары менен Брюсселге 11-апрелде барган. Сапардын алкагында ал Еврокеңештин президенти Дональд Туск, Еврокомиссиянын төрагасы Жан Клод Юнкер, Европарламенттин спикери Антонио Таяни жана Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини менен жолугары кабарланган.

 

Кыргыз тараптын расмий маалыматына ылайык, Могерини кыргыз мамлекет башчысынын өлкөнү өнүктүрүү жаатындагы демилгесин Европа Биримдиги колдоорун белгиледи.