Маммүлктүн экс-жетекчиси Болсунбек Казаков бир айга камалды. Анын баш коргоо чарасын кечээ, Биринчи май райондук соту караган болчу. Ал № 1 абака которулган.

 

Эскерте кетсек, Болсунбек Казаков Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан «Ала-Арча» резиденциясына жакын жайгашкан 48 коттеджден турган VIP-шаарчанын 12 гектар жери менен сатылышы боюнча кармалган.