Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн,  Европа биримдигинин тышкы иштер  жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика  Могерини менен жолукту.

 

Жолугушууда тараптар Европа биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты жаңы форматта кеңейтүү жана Европанын аймактагы жаңы стратегиясы тууралуу талкуулашты. Жээнбеков эки тараптуу мамиледеги актуалдуу суроолор тууралуу сүйлөшүп жатканына кубанычта экенин билдирди. Өлкө башчы Европа биримдигинин өлкөнү туруктуу өнүктүрүүдө маанилүү өнөктөш катары карай турганын, биримдиктин Кыргызстандагы демократиялык принциптердин кеңешине жана социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон салымына ыраазылыгын баса белгилеп өттү.

 

Могерини Европа биримдиги Кыргызстандагы демократияны бекемдөө, кесипкөйлүктү арттыруу, сот системасынын көз карандысыздыгы, мыйзамдын үстөмдүгү, экономиканы өнүктүрүү тармагында ар дайым колдой турганын билдирди.