КСДП парламенттик фракциясы Сапар Исаков Башында турган өкмөттүн  2017-жылдагы аткарган иштерин жакшы деп тапты.

 

Парламентте Исаковго айрыкча Тогуз-Тородогу кырдаал боюнча суроолор берилди. Ошону менен катар депутаттар социалдык маселелерди, тагыраагы таза суу, мектеп, оорукана, жеңилдетилген насыя, көчкү жана башка ушул сыяктуу суроолорун узатышты.

 

Жыйынтыгында аталган фракция Исаковду колдогон чечим кабыл алышты. Эми өкмөттүн отчету жалпы жыйында каралмакчы.