Хрущёв жөнүндө тарыхый притча бар. Көбү билет аны. Кудум биздегидей… 2005-жылкы, 2010-жылкы мамлекеттик төңкөрүшкө чейин тилин тишине катып келгендердин оозунан коомчулукка эмнелер гана ачыкка чыккан жок.

 

Кыйгыл кептин кырмычыгына келсек, ал тарых мамындай эмеспи: Сталиндин кылмыштары четинен ачылып баштаган Хрущёв заманында залдагылардын бирөөсү күпүлдөйт:

- Жолдош Хрущёв, Сталин эч бир күнөөсү жок адамдарды кырдырып атканда өзүңүз кайда элеңиз?

 

Тилин жутуп алгансып күймөлө түшкөн Хрущёв не дээрин билбейт. Бирок жооп бериши керек залга. Саясатчы болгондон кийин элге бирдеңке деш керек ко. Мелтейип каткан кайран саамга залга тиктеп отуруп калат да, бир убакта собол узатат:

 

- Бул кимдин суроосу, ордуңуздан туруңуз!

 

Залдан чымындын чыңылдаган да үнү угулбайт. Ордунан турган да киши болбойт.

 

- Что, страшно?- деп сурайт Хрущёв залдагылардан. - Так вот, и мне тоже было страшно.

 

Анын сыңары, эми айтыла баштайт баары. Баары суудан кургак чыгышка далбастайт. Эң биринчи кезекте КСДП ичинен жарылчулары көп. Жарылчулар четинен ымандай сырын төгүп, калыс кеп сүйлөмүш боло башташты. Жаңы президентке жагыныш үчүн бак-бак сүйлөп, кара кылды как жарган «калыс» кишинин образына кире башташты азыртан.

 

Коомчулукта күдүк жаратып келген көп суроолор бар: “Кырсыкка кабылган самолёттогу жүктүн ээси ким болгон?”; “Белизгейт окуясы чындыкпы же мифпи?”; “Максим Бакиевге тийешелүү делген жер тилкеси эмнеге улутташтырылбай калып, кантип Атамбаевдин менчигине айланды?”; “ТЭЦ тегерегиндеги коррупциялык кылмышка кимдердин тиешеси бар?”- деген шекилдүү шектүү суроолор эми-эми суу үстүндөгү агындылардай калкып чыгат. Калк деген ошол. “Кыңыр иш кырк жылдан кийин” деп бекер айтпайт. Керек болсо Батукаевдин тегерегиндеги уу-чуулар да унутулбайт, кайрадан дуу-дуу жаратат. Айтты-койду дебегиле…

 

Буга чейин Атамбаевдин кылыгын билсе да билмексен болуп келгендин көбү Хрущёвго окшоп ымындай сырларын айтууга аргасыз болушат эми. Бийликтин убактылуу кумарына куунак өмүр сүрүп келгендердин тынчын кетирер кезмет ушул болмок. Болор эми…

 

Бийлик дегениң адамдарды ошондой бечара кылып таштайт заматта. Баштарын жаздыгына тынч коё албагандар азыртан президент Сооронбай Жээнбековго жагыныш үчүн “мне было страшно” дебесе да, Атамбаевдин өкүм-зордугу генпрокуратура, УКК баш болгон күч түзүмдөрү аркылуу жүргүзүлүп келгенине шылтап, чындыкты оозана башташат. Кезинде италиян философу Галилео Галилейдин: “Чындыктын күчү эмнеде? Сен аны төгүндөөгө тырышкан сайын айыптоолоруңдун баары суу кечпей, чындыктын баркы кайра ошончо бийиктейт”,- дегени келет акыры.

 

АШАнын айыбын ачканы үчүн абакка адилетсиз сот чечими менен кесилип кеткен Текебаевдин реваншы эми апогейине жетер. Шахматтык жүрүштө деле оюн дайыма бир тараптын жеңиши менен аяктабаган сымал, буга чейин саясый чабуулда Атамбаев Текебаевдин сазайын окутуп келген болсо, Текебаев да эми ит жыгылыш менен тынып калчу саясатчы эмес. Анын канкакшап келген чындыгы эми бийикке көкөлөйт.

 

А мындайда кыргыз саясатындагы Хрущёвдор четинен пайда боло баштайт. Себеби аларды коркута турган АША командасы алсырап калды. Алардын түшүнө түрмө кирип аткандыр мүмкүн. Ушуга чейин компартиянын чиновниктери сымал тымпыйып үн катпаган парламент депутаттарына эми тил бүтөт да, эми жүндөрү тирилер… Конституцияда Кыргызстан парламенттик башкаруу жолун тандаган өлкө экени эми эстерине келет. Ойго келбеген саясый рокировканы көрсөтүшөт.

Күтүүсүз оюндар алдыда…

 

Олжобай ШАКИР

Булак: “Майдан.kg