Учурда Жогорку Кеӊеш башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан кетирүү боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун сунушун карап  жатат.

 

Мамлекет башчынын бул сунушун тиешелүү комитет  жактырган болчу.  Буга чейин Башкы прокуратуранын отчетун  парламенттеги эки фракция угуп, канааттандырарлык эмес деп тапкан. Анда прокурор Жолдубаеванын жыйындарга катышпаганы сындалган.

 

Ага карабастан Индира Жолдубаева бүгүн дагы жалпы жыйынга келбей турганын айтып кат жазган. Бул тууралуу төрага билдирди.