Бүгүн, ЖЭБдеги кырсыкты иликтөө үчүн атайын түзүлгөн депутаттык комиссия ишин жыйынтыктайт.

 

Маалыматка ылайык, мерчемделген жыйынга экс-премьер министр Жантөрө Сатыбалдиев дагы чакырылган. Ал комиссиянын буга чейинки жыйындарына келген эмес.

 

Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн болчу.