Эртең парламент депутаттарынын үчтөн бир бөлүгү президенттин сунушуна макул болушса, Жолдубаева "ээрден  шыпырылат".

 

Жогорку Кеңештеги тиешелүү комитет Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу боюнча президенттин сунушун колдоду. Комитеттин күн тартибине аталган маселе киргизилди. 

 

Белгилей кетсек, мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков, Баш прокурорду кызматтан алуу сунушун парламенттеги комитетке жөнөткөн болчу. Сунуштаманы Мухамметкалый Абулгазиев көрсөттү.

 

Бул маселени депутаттар эртең, жалпы жыйында чечишмекчи.