Улуттук энергохолдинг компаниясынын жетекчиси Айбек Калиев кызматтан кетет. Мындай чечимди премьер-министр Сапар Исаков кабыл алгандыгын, өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

 

Белгилүү болгондой, Айбек Калиев Улуттук энергохолдингди башкарып турганда жылытуу мезгилине даярдык көрүүгө жооптуу болгону үчүн иштен алынууда.

Ошондой эле, Бишкек жылуулук борборундагы кырдаалдын келип чыгышына тийиштиги бар аткаминерлердин, жетекчилер жана кызматкерлердин аракетине юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгону, учурда тергөө жүрүп жатканы кабарланды.

 

Өкмөт башчы ведомстволор аралык комиссиянын корутундусун колдоп, комиссиянын корутундусунда аты аталган жооптуу кишилерди дисциплинардык жоопкерчиликке тартууну тапшырды.