Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу мандатынан ажыратылышы мүмкүн. Буга анын кош жарандуулугу себеп болууда. Белгилей кетсек, Дамирбек Асылбек уулу Казахстандын Башкы Прокуратурасы жүргүзгөн иш аракетинен улам  колго түшкөн.  Аталган мекемеден билдиришкендей, Казахстандын аймагында отуздан ашык адам контрабанда менен алектенген топту кармаган. Алардын арасында Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Дамирбек Асылбек уулу бар экени маалымдалган болчу. Бир аз убакыт өтпөй, анын Казахстандын жараны экени дагы ачыкка чыккан.

 

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы бул маалыматты тактоо максатында коңшу өлкөгө суроо талап жөнөткөнүн кабарлаган болчу. БШКдан билдиришкендей, депутаттын кош жарандуулугу аныкталып, эми анын мандатын алуу маселеси каралмакчы.