Түркия менен Кыргызстандын соода байланышы 1 млрд долларга жеткирилет. Бул тууралуу  эки өлкөнүн президенттери кечээ, Анкарадагы жолугушуудан кийин билдиришти.

 

Анда соода, инвестиция, энергетика, тоо-кен, айыл-чарба, социалдык камсыздоо, коммуникация, медицина жана транспорт тармактарына байланыштуу бир катар келишимдерге кол коюлду.

 

Белгилей кетсек, президент Жээнбеков бүгүн, 10-апрелде Түркиянын өкмөт башчысы Бинали Йылдырыүм жана Улуу улуттук кеңештин төрагасы Исмаил Кахраман менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулайт.