Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн Түркияга расмий сапар менен учуп кетти. Ал Анкара шаарында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушат.

 

Жолугушууда тараптар спорт, инвестицияга байланышкан бир катар документтерге кол коюшат.

 

Жолугушуудан кийин президенттер маалымат каражаттары үчүн биргеликте жыйын өткөрүшөт.