Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун Түркияга болгон расмий сапары башталды. Президент ал жактан Режеп Тайип Эрдоган, премьер-министр Бинали Йылдырым жана улуттук Улуу жыйындын спикери Исмаил Кахраман менен жолугаары маалымдалды.
Сапардын максаты, Түркия – Кыргыз кызматташтыгын жолго салуу, соода-экономикалык, техника, спорт, айыл чарба, инвестиция, социалдык камсыздоо жөнүндө макулдашууларга, маалымат чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу протоколго кол коюу пландалууда.
Сапар 10-апрель күнү жыйынтыкталат.