Бүгүн, 7-апрелде Апрель окуяларынын 8 жылдыгына арналган иш чара өттү. Апрель окуясында курман болгондордун сөөгү жаткан "Ата Бейит" көрүстөнүндө куран окутулуп, эскерилди. 

 

Бул иш чарага президент Сооронбай Жээнбеков баштаган өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн бир тобу катышты. Ошондой эле экс-президент Роза Отунбаева да жүрдү. Бир гана Алмазбек Атамбаев көзгө чалдыкпады. 

 

Буга дейре коомчулукта эки дос: Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунан кара мышык өткөнү тууралуу каңшаар жүргөн. Ал КСДПнын курултайындагы Атамбаевдин кебинен кийин бекемделген. Бүгүнкү көрүнүш да учурдагы жана мурдагы президенттердин мамилелери салкын тартып калганын кабарлайт. Бирок, Апрель окуясы Алмазбек Атамбаевдин багын ачкан. Бир нече ондогон эр жигиттердин өмүрү менен бийлик башына келген. Бул жагынан караганда, Апрель каармандарын эскерүүнү  экс-президент парзы катары кабыл алышы керек эле. Анан дагы 2010-жылдын 7-апрелинде окуя мамлекеттик окуя. Ага кайсы бир саясий кызыкчылыгынан улам энесине таарынган жаш баладай катышпай коюу экс-президенттин деңгээлин көрсөтүп койгондой.