Парламенттеги оппозициячыл «Республика-Ата-Журт» фракциясы Башкы прокуратуранын 2017-жылга аткарган ишин жактырган жок.

 

Мындай чечимди алар бүгүн кабыл алышты. Аталган фракциянын жаңы шайланган лидери фракция мүчөлөрүнүн чечимин окуп жатып, өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалын жакшыртуу боюнча Башкы прокуратуранын аткарган ишин канааттандырарлык эмес деп таптык деп билдирди.

 

Ошондой эле, Индира Жолдубаеванын жыйынга келбей койгону депутаттар тарабынан катуу сындалды. Ал тургай, анын чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салыш керек, ооруп жаткан болсо «справка» алып келсин дегендер дагы болду.

 

Ал эми, Руслан Казакбаев өз кезегинде жетекчиси жок туруп, алардын ишин канааттандырарлык деп табуу моралдык жактан туура эмес экенин айтты. Жана Жолдубаеванын келбегенин жүйөлүү себептери болушу мүмкүндүгүн айтып депутаттарды алдын ала чечим чыгарбоого чакырды.

 

Анткен менен, чечим көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынды.