Талашка түшкөн Аида Салянованын мандаты боюнча бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы бир чечимге келди.  Айрым Ата-Мекенчилер, БШКдан   тизме боюнча мандатка талапкер болгон төрт депутатты чийип салууну өтүнүшкөн эле. Мындай жол менен алар Болот Шерди Жогорку Кеңешке алып келишмек.

 

Бирок, БШК алардын өтүнүчүн канааттандырган жок.  Мындан улам, Салянованын мандаты дал ушул төрт талапкердин бирөөсүнө тиери айдан ачык болуп калды.

 

Ал эми тизме боюнча 21- орунда турган Болот Шерге Салянованын парламенттеги орду буюрбай калган сыяктуу.