Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын зардалы дайындалды. Ага президенттин буюругу менен, Сабыров Токтосун Ырыскелдиевич дайындалды.


Эскерте кетсек, 9-кызматтын мурдагы жетекчиси, Дамир Мусакеев кызматтан кеткен. Ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы болгон.

 

УКМКнын 9-кызматы мамлекеттин биринчи адамдарынын коопсуздугун камсыз кылат жана стратегиялык объекттерди кайтарат.

 

Айрым массалык маалымат каражаттары Дамир Мусакеев, 31-мартта президент Сооронбай Жээнбековдун коопсуздугун камсыз кылбастан, ошол күнгө белгиленген КСДПнын сьездинде жүргөнүн жазып чыгышкан.