Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясы башпрокурордун отчетун жактырышпады. Ал турмак башпрокурорго ишеним да көрсөтүшпөдү. Бул добушка коюлуп, бир гана депутат – Сайдулла Нышанов макул болбоду.

 

Депутат Эмил Токтошев Индира Жолдубаеваны чет өлкөгө чыгуусуна бөгөт коюуну сунуштаса, Наталья Никитенко анын ооруп калганына ишеңкиребей, ооруганын тастыктаган справка көрсөтүүнү талап кылды.

 

Фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов Жолдубаева отставкага чыккандан кийин өлкөдөн эч жакка кетпеши керектигин айтып, Токтошевге кошулду. Лидердин айтымында, алар Жолдубаеванын башка өлкөгө жылып кетпешин көзөмөлгө алышат.

 

Ошондой эле депутаттык комиссия түзүшүп, Жолдубаеванын саясий жана коррупциялык иштерди жүргүзгөн ишмердүүлүгүнө жакшылап баа берүү зарылдыгына да токтолушту.