Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны оппоизциячыл фракция “Ата Мекен” жыйынына чакырган.

 

Аталган фракция Башкы прокуратуранын 2017-жыл ичиндеги жасаган иш аракеттери, жыйынтыктары менен таанышмак. Жыйынга Башкы прокуратуранын өкүлдөрү келгени менен башпрокурор депутаттарга көрүнбөй эле коюуну чечкенби, келбеди.

 

Бул “атамекенчилердин” нааразычылыгын жаратты. “Эмнеге келбеди?”- деген депутаттардын суроосуна башпрокуратуранын өкүлдөрү: “Ооруп калды”, - деп жооп беришти.

 

Мамлекеттик кызматтар парламентке жылына бир гана жолу отчет тапшырышат. Так ошол отчетту бере турган, болгондо да оппозициячыл депутаттардын “сурагына” кабыла турган күнү Жолдубаеванын ооруп калышы коомчулукка шектүү ойлорду жаратты.