Бүгүн, Борбордук шайлоо комиссиясы "Ата Мекен" партиясынын экс-депутаты Аида Салянованын мандатына байланышкан арызын карамак. Аталган арызда тизме боюнча Саляновадан кийинки 4 талапкерди тизмеден чыгаруу сунушталган. Бирок, аны БШК бүгүн карабай, отурум башка күнгө жылды. Буга Атамекенчилердин атынан расмий өкүлдүн келбегени себеп болгон.

 

Белгилей кетсек, буга чейин Салянованын мандатынан төрт талапкер баш тартканына байланыштуу, ал  Болот Шерге тийээри айтылган болчу.  Анткен менен, мандаттан баш тартты деген партиянын айрым мүчөлөрү,  мындай аракеттер учурдагы фракция лидери тарабынан гана жүргүзүлүп жаткан саясат экенин билдиришүүдө.  Мындан улам, Аида Салянованын мандаты кимге буюруйт азырынча белгисиз.