Парлменттеги «Ата-Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Аида Салянованын ордуна Болот Шердин келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди. Болот Шер Ата-Мекен партиясынын активдүү мүчөсү, Жогорку Кеңештин бир канча жолку чакырылышынын депутаты болгон. Ошондой эле, VI чакырылыштын атамекенчи депутаты Садык Шердин бир тууган агасы.
Эскерте кетсек, Аида Салянова мандатынан ажыраган. Буга ал «юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан» деп айыпталып, өткөн жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылганы себеп болгон. Сот өкүмү анын 2 жаштагы кызы 14 жашка толгондо күчүнө кирет.