Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын экс-депутаты Аида Салянованын орду дагы да бош. Тизме боюнча Клара-Гүлнара Самат келиши керек болчу. Бирок, ал мандаттан өз каалоосу менен баш тартканы айтылууда.

 

Эске салсак, Аида Салянова Елисеевдин адвокаттык лицензиясын адилет министри болуп турганда мыйзамсыз узартып бергени үчүн мыйзамдын кылтагына илинип, соттолгон. Соттолгон адам эл өкүлү боло албаган мыйзамга ылайык депутат мандатын тапшырган.

 

“Ата Мекен” партиясынын тизмесинде парламентке келүүчүлөрдүн сап башында турган БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилова (Клара-Гүлнара Самат) мандаттан баш тартканы белгилүү болду. Андан кийинки орундарды ээлеген   Ташполот Балтабаев, Талант Узакбаев, Рыспек Мирзаматов жана Нургүл  Бакирова да мандаттан баш тартышкан. Алар партиянын тизмесинен чыгууну каалашат. Ошону менен парламентке баруунун эмки кезеги экс-депутат Болот Шерде.