“Ата Мекен” партиясынын лидери, учурда №47 түзөтүү колониясында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Өмүрбек Текебаевдин сүрөтү Фейсбукка коюлду. Аны саясатчынын адвокаты Искен Афиджанов жарыялады.

 

 

Текебаев 2017-жылдын февраль айында чет өлкөдөн учуп келген жеринен, “Манас” абамайданынан камакка алынган. Ошол эле жылдын август айында соттун өкүмү менен 8 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган. Андан бери жарым жылдай убакыт өттү. Коомчулук саясатчыны акыркы сот процессинен кийин көрө элек болчу. Учурдагы сүрөтүндө чачын буурул басып, сакал-муруту өскөн, бирок көз карашы баштагыдан да курч тартып, теше тиктеген Текебаев карап турат.