Жаз келип саясат жандана баштады. Бир жарым жылдан бери өлүү-тирүүсү билинбеген “Ата Мекен” партиясын Р.Отунбаеванын колдоосу менен партиялык иштерин активдештирип кирди.

 

 

Маселен, 15-мартта “Ата Мекен” партиясын жетекчилери Р.Отунбаеваны чакырып жыйын өткөрүшкөн.. Ал жерде Р.Отунбаеванын акылы менен Ө.Текебаевди абактан бошотуу боюнча демилге көтөрүлдү.

 

Мындан улам Роза апчебиз бейөкмөт уюмдардан жана юристтерден команда кураганын, арасында европалык юристер да бар экенин, алардын жардамы менен Ө.Текебаевдин иши боюнча Страсбург шаарындагы (Франция) Адам укугу боюнча Европа сотуна доо арыз менен кайрылуу демилгесин саймедиреп айтып берди.

 

Бирок ЦРУдагы кураторунун акылы менен иш кылып жатканын жашырып койду. Эжекебиз тээ башынан эле океандын ары жагындагы жакын санаалаштары менен биргелешип иш кылаары айдан ачык эмеспи. Кыскасы жыйындын жыйынтыгы менен Ө.Текебаевдин маселеси боюнча эл аралык эксперттер менен журналистерди ишке тартуу тууралуу чечим кабыл алынды.

 

Р.Отунбаеванын сунушу менен Ө.Текебаевга карата доо арыз берген Л.Маевскийди 4 адвокат эл аралык сотто Россия менен Кыргызстандын атайын кызматтары менен жашыруун кызматкери катары сыпаттап, мындан улам анын берген көрсөтмөлөрүн “жараксыз” деп бүтүм чыгарууну көздөп жатышат.

 

Страсбургдагы эл аралык сотто Ө.Текебаевдин таламын талашкан юристтерди тандоо жана аларды Европага жөнөтүү ишин Р.Отунбаева жеке өзү көзөмөлдөйт экен. Алар Алматы аркылуу учуп, АКШдан эки юрист тосуп алмай болуптур.

Айтор, Р.Отунбаеванын акылын уккан “ата-мекенчилер” жетишээрлик тыйын топтолуп калса, элди дүрбөтүп Бишкек менен Таласта митинг өткөрүү тууралуу чечим кабыл алышты.

 

Кызыгы, “ата-мекенчилер” 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун бир туугандарын, аларга кошуп “Дача-СУ” айылында авиакырсыктан курман болгондордун “жакындарын” митингдерге тартууну көздөгөнү айтылууда.

 

Р.Отунбаеванын мындай активдүү аракетинен улам “Өмүке жокто ордун ээлеп, “Ата Мекен” партиясына төрайым болуп алсам” деген ою бар окшойт деп бүтүм чыгарып койсок жарашчудай.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити