“Азия ньюс” гезитинин суроолору боюнча Сабыр Муканбетов тууралуу сүйлөшкөндө, мен болгону, 2010-жылдын 6-апрель түнү Бишкек ГУВДсынын убактылуу кармоочу жайындагы окуяны: Атамбаевдин эшикти тепкилеп, таң атканча кыйкырып чыкканын гана – милициялар өз ара талкуулап жатканда Сабыр Муканбетов менин жанымда болуп, укканын гана “Азия ньюска” тастыктап бергем. Башка эч кандай сөз болгон эмес. “Сабыр Муканбетов  жанын жеп, калпты жазганына түшүнбөй турам” деген сөздөр айтылган эмес. Анын баарын кээ бир журналистер өзү кошуп, жаза беришет турбайбы...

 

Туратбек МАДЫЛБЕКОВ

 

 

Бала болуп башыма жүн чыкканы эч кимден калпычы дегенди уккан эмесмин. Аслан биринчи болду

 

 

“Азия ньюс” гезитинин башкы редактору Аслан Сартбаев мени “калпычы” деп жар салып, гезитине жазып, өзү айткан сөздөрүн “айткан эмесмин” деп чыкты. Буга чейин, деги эле, бала болуп башыма жүн чыкканы эч кимден калпычы дегенди уккан эмесмин. Аслан биринчи болду.

 

 

Бирөөнү калпычы деп айтаардан мурда кичине ойлонуп жазса эмне, баягы “осурган кыз осурбаган кыздын бетин тытат” дегендей кылбай. Асландын калпычылыгын ал өзү чыгарган “Учур”, “Азия ньюс” гезиттери эле далилдеп турат. Аталган гезиттердин подшивкасын барактасаңыз эле билинет. Кимдин ким экени. Ар дайым бирөөлөрдү жамандап, артын чукуп, калпты жазат. Анан ызы-чуу, разборка болуп, кээси сотко берем деп, кээ бири токмоктоп кеткен учурлар кездешет. Анан барып, “ туура эмес түшүнүп алыппыз, байкабай ката кетирип алыппыз, көрсо андай эмес экен, ак чөп башта” деп, жакалашкан тараптар бирдеңке татканта койсо “о-оой, бул жакшы киши экен” дегенге чейин барганын көрөсүздөр.

Аслан камакка алынып, ичи ачышып жүргөндө Атамбаев тууралуу андан да жаман сөздөрдү айткан. Анын баарын айтканга ынгайсыз. Эми болсо “мен айткан эмесмин”, “баланча айткан” деп өлгөн кишиге шылтап, редакторго, саясатчыга, журналист, эксперттерге телефон чалып жүрүп, аягында ыңгайына карап, “мен айткан эмесмин, Сабыр Муканбетов жалаа жаап атат” деп, такыр андай сөз болбогондой түр көрсөтүп жатканына жол болсун. Сөз эркиндигине кызмат кылган жоокер ач болсо тишинин кирин соруп чыдаганга даяр болуп, “бар болсо көппөй, жок болсо чөкпөй” жүрүш керек да. Анан кызыл кекиртектин айынан ары бери секире берсең гезитиң жогорудагыдый актанууларга толуп, ишенчиликтен кетесиң!

 

 

Сабыр МУКАНБЕТОВ, Булак: “Майдан. kg” гезити