Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев учурдагы кырдаал боюнча пикирин “24kg” МАга билдирген. Анда ал Асылбек Жээнбековдон мандатын тапшырууну талап кылуу туура эместигин белгилеген.
Масалиев Атамбаевдин КСДПнын курултайындагы сүйлөгөн сөзүнө пикирин билдирди.
Ал Сооронбай Жээнбековду эл шайлаганын, эч кандай партияга тиешеси жоктугун жана баарына бирдей экенин айткан.
“Сооронбай Жээнбеков үчүн 900 миң адам добуш берди. Алар КСДП үчүн эмес, Жээнбеков үчүн добуш беришти”, - деген ал.