Бүгүн, 31-мартта КСДП партиясынын курултайы Бишкектеги “Орион” мейманканасында өттү. Курултайдагы башкы маселе саясий кеңештин төрагасын дайындоо болчу. Делегаттардын бир добуштан колдоосу менен тез эле экс-президент Атамбаев президент болгонго чейин ээлеген ордуна бекилди да калды. Андан кийин экс-президент маалымат жыйынын өткөрдү.

 

Атамбаев-Жээнбеков мамилеси мурункудай...

 

Курултай башталары менен журналисттердин кызыгуусун арттырган суроолор экс-президентти көздөй мөндүрдөй жаады. Алгачкы суроо: “Президенттиктен кеткениңизден кийин Сооронбай Жээнбеков менен мамилеңиз кандай болуп өзгөрдү?” болду. Буга Атамбаев: “Биздин мамилебиз мурункудай эле жакшы”, - деп жооп берди. Ал эми өкмөт башчылыгына келбей турганын белгиледи. Анткени, айтымында, азыркы Сапар Исаков баштаган өкмөт экс-президенттин купулуна толот. Алар жаш болсо да жакшы иштеп жатканын айткан Атамбаев мындай жигердүү өкмөт башчыдан орун талашпай турганын кыйытты.

 

Оор, бирок, баш тарта албайт

 

Саясатка кайрылып келүү, кайрадан алектенүү албетте, оор. Бирок, андай кылбай да кое албайт. Бул Атамбаевдин маалымат жыйынындагы билдирүүсүнөн улам маалым болду.

 

“Мен кайсы бир саясий постту ээлейин деген жокмун. Мен КСДПны 2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярдайм. Саясатка да ошол үчүн кайрылдым. Үй-бүлөлүк башкаруу орногон илгерки убак кайрылып келишин каалабайм. Ошондуктан, парламентке реалдуу олуттуу партиялар келишин камсыз кылышым керек. Бул бир гана КСДПга тийиштүү эмес”, - деди Атамбаев.

 

 “Коррупция менен күрөшүүнү баштаган” Атамбаевдин короосуна Жээнбеков “таш ыргытып” салыптыр...

 

Экс-президентке Сооронбай Жээнбековдун коопсуздук Кеңешиндеги билдирүүсү жакпай калыптыр. Эске салсак, февраль айында болгон ал жыйында президент коррупция менен аеосуз күрөшө турганын белгилеген.

 

“Менимче, андагы айтылган сөздүн текстин Жээнбековго даярдап беришкен. Менин бийлигим учурундагы күч түзүмдөрүнүн ишине, коррупция менен күрөшкө сын айтты. Атамбаевдин убагында акыркы үч жылда бийлик коррупция менен күрөшкөн эмес деп айтаардан мурун Жээнбеков документтерди да карашы керек. Анткени, бүгүнкү эң бир катуу коррупциялык иштердин бетин ачуу  Атамбаевдин убагында башталган. 800 млндук НДС да менин убагындагы акыркы күрөш. Өткөн жылы эле башталган”, - деди Атамбаев.

 

Матраимовду Бажыдан Атамбаев кетирген

 

“Раим миллион” деген каймана аты бар, Бажынын башчысынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовду кызматынан кетирүү Атамбаев тарабынан демилгелениптир. Анткени, өткөн жылы эски схемалардын, коррупциянын айынан бюджетке 10 млрд сом түшпөй калган. Мындан улам Атамбаев Сапар Исаковго Раим-миллион схемасындагы серый кординалдардын бирин кызматтан алууну сунуштаган.

 

“Сапар Исаков Матраимовду кызматтан алгандан кийин өзүнө душман арттырып алды”, - дейт Атамбаев.

 

 “Эски досуна” жагымсыз сөздөрдү айтууга аргасыз

 

Атамбаевдин айткандарынан улам учурдагы бийликтин ээси, “кан досу” Жээнбековго таарынычы калың экенин байкоого болот. Ал эски досуна жагымсыз, катуу сындарды айтууга аргасыз экенин моюнуна алды.

 

“Бакиев, Акаевдин тагдыры эмне болгонун билем. Ошондуктан жагымсыз сындарды айтууга аргасызмын. Жээнбеков менен акыркы жолу төрт жарым саат сүйлөштүк. Кимдир бирөө аны да жасашы керек. Менин 10-20 жылым үй-бүлөлүк, кландык бийликти жоюуга кетти. Бул мен үчүн бүтүндөй жашоом, аракеттеримдин баарын жок кылууга жол бербейм”, - деп күйүндү экс-президент.

 

Ал досуна депутат иниси Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшыруусу зарыл экендигин айткан. Анткени, агасы президент, иниси депутат болсо, ашыкча кептер да көп болот. Бул сөздү Жээнбеков президенттикке талапкерликке тандалып жатканда эле айтып эскерткенин да эске салды.

 

Жээнбеков суранса кеңешин берет

 

“Мен кадр маселесине такыр кийлигишпейм. Ал президент менен премьер-министрдин иши. Бирок, Жээнбековго жанында кошоматчылар үйүлүп албашы үчүн жардам беришим керек. Аны багыттабайм, бурбайм, бирок кеңештеримди берем, эгер ал Жээнбековго керек болсо”, - деди Атамбаев.

 

 Исаков – Атамбаевдин ишенимдүү адамы

 

Сапар Исаковдун ордун тартып отуруп алуу Атамбаевдин планында жок. Анткени, “жаш жана энергиялуу өкмөт башчы” ага абдан жагат.

 

“Катачылык кетирип да жатат, иштеп да жатат. Бишкек ЖЭБиндеги иште анын тиешеси жок. Исаковдун командасы бардык даярдалган иштер соңуна чыкканда келди. ЖЭБ иши менен Жээнбеков премьер-министр болуп турганда алектенген. Исаков өкмөт башчылыкка 28-августта дайындалган, сентябрга чейин модернизациялоо соңуна чыкты. Тендерди да Жээнбековдун өкмөтү өткөргөн”, - деп күнөөнү Исаковдон алып эски досуна илип койду.

Булак: "Саясат. kg".