КСДП партиясынын курултайы эртең, 31-мартта болоору маалымдалган. Курултайдагы башкы маселе төраганы – экс-президент Алмазбек Атамбаевди шайлоо экени да айтылган.

 

Атамбаев президенттик мөөнөтү бүтөөрүнө аз калганда берген маалымат жыйынында бир аз эс алып анан партиянын курамын тазалоого кирише турганын айткан эле. Акыркы кездеги маалыматтардан улам тазалоо иштери башталганы байкалды.

 

КСДПнын катарында жүрүп, ушул партия аркылуу парламентте отурган Асылбек Жээнбеков курултайга чакырылбаптыр. Бул тууралуу депутат өзү маалымат каражаттарына тастыктаган. Ал партиянын саясий кеңешинен чыкканын да кошумчалаган.

 

Ошондой эле президенттин инисинин чакырылбаганын КСДПнын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов да ачык билдирген. Бирок, эмне себептен Жээнбеков партиянын өздүк иш чарасынан сырт калганын түшүндүргөн эмес.

 

Айрым маалыматтарга караганда, курултайга чакыруу албай томсоргондордон жалгыз эле Асылбек Жээнбеков эмес. Бажы тармагынын башчысынын мурдагы орун басары Раим-миллион деп аталган Раим Матраимовдун бир тууганы Искендер Матраимов да бар.

 

Ошентип, эртең 31-мартта “Орион” мейманканасында боло турчу КСДПнын курултайына өлкө башчысынын бир канча жылдан бери аталган партиянын катарында жүрүп, образдуу айтканда “ысыгына күйүп, суугуна тоңгон” бир тууганы катышпай турган болду. Атамбаев партиясын иретке келтире баштады, бирок, аны эмне себептен Жээнбековдон баштаганы түшүнүксүз.