Биздин гезит төмөндөгү маселе боюнча макалаларды бир канча жолу коомчулукка жеткирүү максатында чыгарган. Бу сапар дагы, кайра эле ызы-чуусу көп, нааразычылыктары мол ошол  маселеге кайрылдык. Анткени, ал жактагы маселе чечилип деле кыйраган жок. Себеби,  Кыргызстан профсоюздар федерациясындагылардын көпчүлүгү  жашынан картаңына чейин ирип, чирип, уурулукка чачтарынын учуна чейин батып кетиптир. Федерациянын төрагасы Мирбек Асанакунов  башчы катары алма-жутма, сатма-кырма болсо, Жээнбек Осмоналиев деген жаш  орун басары деле доллар менен  миллионер болгонго үлгүрүптүр. Эми ал жигит боюнча гезиттин кийинки  сандарында төкпөй-чачпай айтып беребиз, бул ирет “аттан түшсө ээрден түшпөйм” деген алдамчылыкка бир канча жолу шектүү болгон Мирбек Асанакунов жөнүндө сөз кылалы.

 

 Ушул жылдын 19-мартында nazarnews.kg сайтында (http://www.nazarnews.kg/news/20479)

 

“Алмаз Атамбаев жана Раиса Атамбаева СДПКчыларга ачылган кылмыш иштерине тоскоолдук кылып жатат” деген макала жарыкка чыккан. Ал макала  facebook соц.тармагында Ырысбек Өмүрзаков деген жарандын атынан жазылып чыккан (https://www.facebook.com/yrysbek.omurzakov?fref=ufi&pnref=story). Ошол макалада Асанакунов жөнүндө бир топ кызыктуу маалыматтар берилген, алар төмөнкү:

 

"Соңку беш жыл ичинде козголуп, бирок белгисиз себептерден улам токтотулган кызматтык жана экономикалык багыттагы кылмыш иштери кайра жанданышы мүмкүн", - деп жазат "Азаттык kg". Бирок, Алмаз Атамбаев жана Раиса Атамбаеванын уруксаты жок КСДПчыларга ачылган кылмыш иштерине Баш прокурор, же анын орун басарлары тоскоолдук кылып, Раисанын буйруктарын аткарып, кол койбой, иштерди токтотуп аткандарын жашырууга мүмкүн болбой калды.

 

Мисалы, Профсоюздар Федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновдун үстүнөн бир нече кылмыш иштер ачылса да, прокуратура кандайдыр бир себептерден улам кол койбой иштерди кармап олтурат. Асанакунов Ысык-Көлдөн мамлекеттин акча каражаттарын сугунуп, “ап” деп койгонун укук коргоо органдары эле эмес, аларын үйлөрүн кайтарган иттер деле билип калышкан. 13-июль 2011-жылы № 847-11-55, 166 ч.1,ч.2. п.3 жана 214-беренеси менен козголгон кылмыш ишти да Баш прокурордун биринчи орун басары Раиса Атамбаеванын буйругун толугу менен аткаралбай, башкача айтканда,  ишти жаба албай токтоп турат. Анткени, Мирбек Асанакунов мамлекетибизге олчойгон суммадагы зыяндарды келтирген. Бишкек СЭЗди да Асанакунов жайлап, Раиса Атамбаева да "бармак жалап калган" окшойт.  Профсоюздар федерациясында жасаган уурулук жана көз боёмочулуктары үчүн Мирбек Асанакуновтун үстүнөн дагы эле үч-төрт берене боюнча козголгон кылмыш ишти да Баш прокурордун орун басары токтотуп, ага кол койбостон, кайра, кылмыштарды изилдеп, кылмыш ишин козгогон тергөөчүлөрдү коркутуп аткан кез”,- деп жазат өзүнүн “Фейсбук” баракчасына Ырысбек Өмүрзаков.

 

Ырысбек Өмүрзаковдун айтканында чындык бар, анткени бизге жеткен маалыматтарга таянсак, чындыгында Асанакуновдун кылыктары аны түздөн-түз темир тордун ары жагына алып бара турган иштер экен. Мисалы, мындан 2 апта мурун Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын алма-жутма кеңешинин мүчөлөрүнүн жыйыны өтүптүр. Ал жыйында, Асанакуновдун дасторконунун четине ыргытылган сөөк-саак, күкүмдөрүн  алып көнүп калган абийири жок КПФын акшакал мүчөлөрү – “ляппай”, деп кол көтөрүп, Асанакунов ойлоп тапкан, мыйзамга туура келбеген “Курортторду Башкаруу башкармалыгын” жоюп салышын колдоп беришиптир. Мына профсоюздун азыркы жүзү, муну болсо карапайым эмгекчилер, катардагы профсоюз мүчөлөрү билишпейт. Аларды алдап, баштарын айлантып, Борбордук комитеттеринин төрага сөрөйлөрү каалагандай калчап, “эптеп үзүп алсам, жулуп алсам” деп, профсоюздарды паракорчулуктун борборуна айлантып салышты. Учурда керек болсо – “профсоюздук коррупция” деген түшүнүк пайда болуп калды. Азыр, профсоюздарда, өзгөчө Кеңеш мүчөлөрүнүн арасында кайсы бир маселелерди өткөрүш үчүн долларларды таратмай көнүмүш адат орун алыптыр. Кырк жеринен кесилген колбасаны алгандай, Асанакунов анча-мынча нерселерди ыргытса, алар арткы буттарына туруп алып, шыйпаңдап сугунганына кубанып кол көтөрө беришет экен. Көрсө көнүп калышыптыр да. Бул боюнча ошол жыйында сөз сүйлөгөн  Бишкектин чекисинде жайгашкан “Кыргызстан” санаториясынын директору Венера Маймендиева айтып-жазып чыкты. Сөзүбүз куру болбош үчүн ал кишинин орусча жазганын кыргызчалап, үзүндүлөрүн бул макалага берели.

 

“Мирбек Асанакунов профсоюздук лидер эмес, ал коммерсант, аны профсоюздун көйгөйлөрү такыр кызыктырбайт, анын бир эле кызыкчылыгы бар, ал акча. Анын негизги максаты профсоюздун мүлктөрүн банкротко алып келүү, аларды ошол жол аркылуу чыгаруу”,- дейт Венера айым. “Андан тышкары, ал КПФын төрагалыгына дайындалып жатканда, КПФын кеңешинин мүчөлөрүн алдаган. Өзүнүн эмгек тажрыйбасы жөнүндөгү анкетасында 5 жылдан ашуун профкомдун төрагасы болгон деген чындыкка жатпаган, жалган маалыматты жазып салган. Ал маалымат ага КПФын талаптарын жана тартиптерин айланып өтүш үчүн керек болгон. Демек ал Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын төрагасы болуп олтурганга толугу менен мыйзамдуу укугу жок”-, деп ошол жыйында агынан жарылыптыр “Кыргызстан” санаториясынын директору Венера Маймендиева.

 

Биз билгенден бул эми бери эле жагы экен. Таң калдыра турган жана оозду ачыра турган Асанакуновдун кылыктары  бир канча пансионат жана санаторийлерди кескилеп, “сатыкка чыгарып” жатканында. Ошол профсоюздар мүчөлөрүнүн айткандарына караганда Чолпон-Ата шаарындагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийин бир бөлүгүн, анын жанында жайгашкан колтойгон “Чолпон-Ата” эс алуу үйүн толугун менен өзүнө “мыйзамдаштырып” тууралап чыгарып жатыптыр! Андан тышкары, ошол эле Чолпон-Ата шаарындагы “Ала-Тоо” эс алуу үйүнүн дагы бир бөлүгүн сатып, “мыйзамдаштырып” жаткан кези дешет, ага кошумча болуп учурда “Кыргызстан” санаториясына дагы көз салып, аны бир жаңсыл кылуу максаты ачыкка чыгып калыптыр. Ошол үчүн “Кыргызстандын” мурунку директору Венера Меймендиева коңгуроо каңгыратып турган маалы экен.

 

Кыскасы, Мирбек Асанакунов кызматтан кеткиче, сатып алчууну сатып алып, жайлачуну жайлап, алдай турган ач көз КПФын кеңешинин мүчөлөрүн басымдуу көпчүлүгүнүн колго алып, алардын суук колдору аркылуу бир топ мүлктөрдү чыгарып алуу иштерин күпүлдөп жүргүзүп жатыптыр. Укук коргоо органдарына жана сотторго кайрылгандарын, алардын арыздарын ак-үй менен көк үйдөгү табакташ колдоочулары аркылуу, жана анын өмүрлүк жары КСДПын депутаты Молдобекованын жардамы менен өзүнө чаң жуктурбай жаткан мезгили экен.

 

Калысбек Айкынов, Булак: “Майдан. kg” гезити