Саясый айдыңда Мээрбек Мискенбаев аттуу “клоун” пайда болгондон бери зерикпей калдык. Ал ЖК депутаты болуп турганда куудулдардын оозун ооздуктагысы келгени менен тамашага алынып, бир эле куудулдун берген жообу менен “күм-жам” болгон эле. Ошол эрен жакындан бери кайрадан “сахнага” чыга баштады.

 

Ал адегенде борбор калаабыздагы “Форум” ишканасынын имаратынын алдында Аксы окуясын эскерүү иш-чарасын уюштуруп, анда президент С.Жээнбеков жана анын иниси, ЖК депутаты А.Жээнбековго жөнсүз асылып кеткен. “А.Жээнбеков “эгер агам президент болуп шайланса, мен депутаттык мандатымды өткөрүп берем” деген. Эми өткөрүп берип, биздин катарга кошулсун”,- деген талабын койгон. Бирок, андай убада А.Жээнбеков тарабынан берилбегенин, аны өз кулагы менен укпаганын билген соң, кийинчерээк “Талас облусунда эл менен жолугушууда Фарид Ниязов ошентип айткан”,- деп чыккан. Ошентип кыска убакыт аралыгында эле эки ача сөз сүйлөгөн М.Мискенбаевдин жоругуна учурда коомчулук нааразы болуп турат.

 

Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенге чейин жада калса “Эмгек китепчеси” да жок болгон Мискенбаев көрсө чыныгы коррупционер экени экс-президент А.Атамбаевдин убагында эле билинген экен. Муну ал өзү жетектеген “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин мүчөлөрүнүн ошол кездеги президент А.Атамбаевге, ЖК төрагасына, баш прокурорго жана УКМК башчысына жазган кайрылуусу тастыктап турат. Ал кайрылууда жазылган фактыларга таянсак, М. Мискенбаев ошол убакта өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесине деп бөлүнгөн 5 миллион сомго чукул каражатты “сиңирип” алган.

 

Кайрылууда аталган уюм жыл сайын “Форумдун” имаратында жыйналыш өткөрүшөөрү, ошол жыйындардын биринде “Айкөл Ала-Тоо” уюмунун текшерүүчү комиссиясынын иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча М.Мискенбаев жана анын орун басары А.Жамгырчиевдин коррупциялык иш-аракеттери ашкере болгондугу жазылат. Биз ошолорду бир четинен санап берели.

 

“Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин мүчөлөрүн социалдык колдоого алуу максатында “Транс Азия уголь Компани” ЖЧКсы тарабынан 2 миллион 136 миң 120 сомдук көмүр кайтарымсыз түрдө берилген. Бирок, муну М.Мискенбаев жана анын орун басары экөө гана жакындары менен бөлүшүп алышкан. Чындыгында көмүргө муктаж коомдук бирикменин мүчөлөрүнө бир тоголок да көмүр тийген эмес.

 

Мындан сырткары “Айкөл Ала-Тоо” менен “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын ортосунда 2015-жылдын 30-январынан 2016-жылдын 23-мартына чейин тракторду ижарага алуу (коомдук бирикмеге тиешелүү трактор) боюнча келишим түзүлгөн. Жалпысынан “Айкөл Ала-Тоого” 225 000 сом төлөнүп берилген. Ал акчадагы кайда кеткени белгисиз.

 

“РСК Банк” ААКсынын маалыматы боюнча 2014-жылдын 24-апрелинде коомдук бирикменин счетуна “Кумтор Голд Компани” ЖАКсынан 100 000 сом акча финансылык жардам катары которулган. Ошол эле 2014-жылы 7-майда “Чакан ГЭС” ААКсынан 6 миң сом финансылык жардам катары которулган. Ошол эле жылы 1-августта ЖК төрагасынын резервдик фондунан 500 миң сом материалдык жардам катары берилген. Ал акча каражаты тизмедеги 12 адамга берилмек болгон. Бирок, анын болгону Мискенбаев менен Жамгырчиевге гана жакындары, анын өкүл балдары же жердештери гана жардам ала алышкан. Ал эми тизмедеги Жусупов Кыпчак, Каныметов Нурбек, Омуралиев Эмильбек, Кубанаев Темирбек, Алимбеков Тынчтыкбек, Мамасалиев Бахтияр, Орозалиев Авазбек, Касаболотов Нурлан, Чыйлдаков Нурбек дегендер бир тыйын да алышкан эмес. Аларды жөн гана пайдаланып коюшкан.

 

Ал эми 2015-жылдын 13-апрелинде “Б. К. З” ЖЧКсынан демөөрчүлүк жардам катары беш миң сом коомдук бирикменин счетуна которулган. Андан эки күндөн кийин 15-апрелде Президенттик фонддон социалдык коргоо жана колдоо максатында 270 000 сом которулган. Ошол эле жылдын 13-апрелинде Кыргыз өкмөтүнүн буйругуна ылайык балдар аянтчаларын куру үчүн жардам катары аталган коомдук бирикменин счетуна 800 миң сом которулган. Ал акчанын эсебинен үч балдар аянтчасы курулган. Эгерде алардын ар бирин 150 миң сомдон деп эсептесек (анча каражат деле кетпейт), анда 450 миң сом сарпталган. Ошондо калган 350 миң сому кайда кеткен?

 

Ошентип жалпы жонунан 4 953 247 сом каражат кайда кеткени белгисиз. Муну “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү конкреттүү фактылар менен жазып, А.Атамбаевдин өзүнө да кайрылышкан. Бирок, А.Атамбаев тарабынан эмнегедир жооп болгон эмес. Болгону М.Мискенбаев депутаттык мандатын тапшырып берген.

 

Эмне үчүн убагында Атамбаев буга көңүл бурган эмес? Чыныгы коррупция ушул жерде жатканы көрүнүп турбайбы. Же ал мунун баарына көзүн жумуп, Мискенбаевди өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланып келгенби? Балким азыр дагы “былыктарыңды чукуп коем” деп коркутуп, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жаткан жокпу?

 

“Каганат”, Булак: “Майдан. kg” гезити