- Алга мырза, кимдир бирөөнүн тапшырмасы менен Мавлян Аскарбековду сотко бердиңизби? Сиздин бул аракетиңиз сөз эркиндигине жасалган кысымдардын бири катары сыпатталып, президентке чейин кайрылуу жолдонуп жатат го?

 

- Кысым деп кимдер кайрылып жатышат? “Сөз эркиндигин коргоо комитети” деген сөзгө жамынган, бир убакта Бакиев убагында сөз эркиндиги, адам укуктары чындап тебеленип турганда, Медет Садыркулов, журналист Г.Павлюк баштаган адамдарды мыкаачылык менен өлтүрүлүп жатканда Бакиевдин “Ак-Жол” партиясынан депутат болгон ал кезде Бакиевди айга күнгө теңеп жүргөн Б.Наргозиевби? Алар качантан бери сөз эркиндигин колдоп калышкан? Мен эч кимдин тапшырмасын аткарбайм жана эч кимге таянбайм.  Мен бир гана Кудайдан корком. Балким, мени каралап жаткандар өздөрү акчанын, бийликтин кумарына баткандар өздөрүндөй ойлоп жатышса керек. Б.Наргозиевдин “Кыргызтудей” сайтына жарыяланган Аскарбековдун маегин дээрлик эки жыл бою бир тараптуу сүрөтүмдү коюп алышып шылдыңдап жатышса, аброюма, ишкердик беделиме шек келтирип менин укугумду тебелеп жатышса мен унчукпай коюшум керекпи? Чыдоонун да чеги болот да. М.Аскарбеков мындай аракеттери менен өзүнүн күнөөлүү экенин билип, ач кыйкырык сала баштады деп түшүнөм.

 

- Сиз талап кылган 70 миллион сомду табыш сиз доомат койгон тарапка кыйынчылык жаратпайбы?

 

- Мавлян Аскарбековдун тарапташы, пикирлеши кайсы бир гезит ээси менин массалык маалымат каражаттарына таянып айткан пикирим үчүн жалгыз өзүмө 70 миллион, пикиримди жарыялаган сайтка 10 миллион, баардыгы биригип, жалпы 80 миллион сом талап кылып мени сотко берген. Мен Аскарбеков жана анын тарапташтарындай бүт дүйнөгө жар салбай эле мыйзам чегинде бир жылдан ашык сотко жооп берип келе жатам. Ошондо мен Аскарбековдун тарапташына караганда үч эсе арзан доо арыз талап кылып атам. Мен бир жылдан бери болбогон иш үчүн сотто суралып жүргөнүм туура, буларга карата туура эмес болуп калабы?

 

- Бүгүн адамдын аброюн 70 миллион сомго баалаган реалдуу элеби? Бул каражат чоң сумма эмеспи?

 

- Чын чынына келгенде адам өмүрүнөн, ден соолугунан өткөн байлык жок. Мен булардын аброюма шек келтирүүсүнөн улам менин бүгүнкү ден соолугума келтирген зыяндын баасы жок болсо керек. Мүмкүн операция жасалган соң айыгармын, андан соң кандай жашоо болот ким билет. Муну айтпай эле койсомбу дедим эле. Бирок айтууга туура келди. Ар бир адам өз сөзүнө жооп бериш керек.

 

- Эгер жогору жактагылар арызыңызды ал деп өтүнсө аласызбы?

 

- “Айтылган сөз атылган ок” дейт кыргызда. Мен жакшы эле буга чейин Аскарбековго анын тааныштарынан жөнү жок каралоосун токтотуусун суранган элем. Акыры өз укугумду мыйзам чегинде коргоого өтүүгө туура келди. Мени эч ким ал же муну кыл деп айталбайт. Мыйзам чегинде колдон келген аракетимди кылам. Мындан тышкары Аскарбеков анын кээ бир тарапташтарынын мыйзамсыз аракетин ирээти менен чыгарууга туура келет. Анткени, ушундай нерсени  өздөрү тилеп алышты.

 

Аэлита Сатындиева

Булак: “Майдан.kg” гезити