Апрель айында боло турган, катуу даярдык көрүлүп, маанилүү маселелер талкууланат деген Курултай тууралуу уюштуруучулардын бири Адил Турдукуловду кепке тарттык.

 

- Апрелде өтөөрү болжонуп жаткан курултайдын негизги максаты  кандай?

 

-Апрель айында өтө турган курултайдын негизги максаты булар: артка кылчактай бербей, азыркы учурдун маанилүү көйгөйлөрүн  талкуулап,  жалпы элдик институт аркылуу коррупция менен күрөшүү, сөз эркиндиги, саясий куугунтук маселелерин талкуулоо.  Мына ушул маселелерди көз жаздымда калтырбай талкуулоо үчүн  курултай институтун демилгечилери “Улуттук мекенчил күчтөр” кыймылы, “Жаңы муун” саясий кыймылы, жарандык активисттер жана саясатчылар даярдык көрүп жатат.

 

- Курултайды баш мыйзамга киргизүү демилгеси активистер тарабынан көтөрүлгөнү менен аны бийлик колдоого алабы?

 

- Курултай бул парламенттин эле бир түрү. Менин сунушум – област, район деп жергиликтүү бийликти экиге бөлбөй, аларды 20га жакын аймакка кошуш керек. Анан аймактагы кеңештин укуктарын кеңейтип, аларга аймактын башчысын шайлоого толук укук берилиш керек. Ошол эле учурда республикалык деңгээлде парламент эки палата болушу абзел. Астыңкы палата азыркыдай эле партиялык тизме менен шайланып, бирок азыраак депутаттардын саны менен. Ал эми үстүнкү палата болсо Курултай деп аталып, ротация түрүндө ошол мен айтып жаткан аймактын кеңештин сенаторлордун атынан түзүлүшү керек. Ошондо биз партиялык диктатурадан арылып, жергиликтүү кызыкчылыктарын эсепке алууга жол ачабыз.

 

- Курултайда көтөрүлгөн маселелер мурдагы курултайлардай болуп, резолюциясы жарыяланып, сөз бойдон калбайбы?

 

- Ошондой болбош үчүн Курултайды республикалык деңгээлде өткөрүш керек. Курултайга делегаттарды шайлаш үчүн 24-марттан баштап Жалал-Абад, Талас, Нарын, Каракол жана Ош шаарларында элдик жыйындар өтөрүн пландап уюштуруп жатабыз.

 

- Бул курултайга кайсыл президенттер чакырылды? Атамбаев элеби же Акаев, Бакиев да келеби?

 

- Биз бардык экс-президенттерди чакырып жатабыз. Отунбаева, Атамбаев жана азыркы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков да чакырылып жатат. Бул бириктирүүчү, өлкөнүн тагдырын чече турган жакшы иш-чара болуп калышы ыктымал. 

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. KG” гезити