- Сабыр байке, куш келипсиз. Маек-аналитиканы баштайлы. Экс-президент 10 миң киши менен жөө жүрүш баштайм деп атат. Мискенбаев деген экс-депутат жаңы президентти зекип, коркутуп, “иниң Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырып, депутаттыктан кетсин” деп бакылдап, андан барып “Чүй проспектисин Апрель революциясы көчөсү кылып өзгөрткүлө” деп бакылдады эле, депутаттар көз ирмемге жеткизбей, “ляппай” деп, Шабдан баатыр көчөсүн “7-апрель көчөсү” деп өзгөртүп бере салышты. Жаз келип, күн жылышы менен адатыбызча саясат кызып, ушундай түшүнүксүз окуялар көп болуп атат. ЖМКлар бул тууралу ар кандай маалыматтарды жазып, ар кандай ой пикирлер айтылууда. Биз да элден артта калбай, өз окурмандарыбызга түшүндүрмө берип, маек-аналитикабызды жасабайлыбы. Кандай дейсиз?


- “Сөз кезеги келгенде айтпаса сөз атасы өлөт” дейт эмеспи. Албетте айтабыз. Айтпасак да айттырасың да, жакалап болсо да... (күлдүк). Биз, эми, сен экөөбүз -“биз туптуура айтабыз, баарын билебиз!” дегенден алыспыз, бирок ошентсе да, чындыкка жакын маалыматтар менен ой толгоолорубузду элге кызыктуу, кыска-нуска кылып жеткизгенге аракет кылып, “коомчулукка туура сөз жеткизип, сөз эркиндигине салым кошуп, элибизге кызмат өтөп жатабыз” деп, ошонубузга каниет кылып жүрбөйбүзбү. 


Мени ошол ишке тартып, гезитиңе кайра-кайра чыгарып, мүмкүнчүлүк берип жаткан Нургазы иним сага да чоң рахмат. Эми, бирок саясый аналитикага сүңгүүр алдында элибизди, силердин гезиттин жааматын, жалпы эле баарыбызды кыштан аман-эсен чыгышыбыз менен, Нооруз майрамыбыз менен куттуктагым келет! Анан эми, жогоруда көп суроо берип салдың. Бирден айтчы, кайсынысынан баштайлы.


- Мискенбайыптан баштаганда туура эмес болуп калат го. Анын кожоюну, экс-президент Алмаз Шаршенович Атамбаевден (АША) баштайлы, анда. “10 миң киши менен жөө жүрүш жасайм” дегенинен эл чочулагансып турат го? Кандай баа бересиз ушуга? 


- 2005-жылдагы март, 2010-жылдагы апрель окуялары тууралуу кеп болгондо эле “Акаевди америка, Бакиевди орустар кетирди” деген кеп айтылат. Кеп чынында алардын кыйгай таасири болгонун танбашыбыз керек. Бирок, ал окуялардын чыгуусуна ошол эле Акаев менен Бакиевдин салымы да зор. Алардын алкы бузулуп, эл итке минип, жакырчылык күч алып, нааразычылык күч албаганда эл көтөрүлөт беле? Эл колдобосо, Феликс Кулов айткандай бир автобуска батып кете турган, ошо кездеги оппозиция бийликти төңкөрө алат беле? Көрдүңөрбү, бул эки окуяда тең элдин ролу чоң. Эл бышып, жетилгенин сезген сырткы күчтөр, таразанын ташы каяка ооп баратканын сезип, ошол жакка тартып коймойу бар экени эл аралык тажырыйбада миң ирет кайталанган, көнүмүш окуя. 


Мен март, апрель окуяларын элдик көтөрүлүш деп баалап келем. Эл болбосо америкалыктар менен орустарыңдын колунан бок да келмек эмес. Ошондуктан, бул эл козголуп, эки жексурундан кутулган күндөр эскерилип турушун мен колдойм. Бирок эми, биз ошол күндөрдү кандай эскерип атабыз. “Бакиевдин аты кошулуп айтылып калат экен”,- деп 2005-жылдын мартындагы элдик көтөрүлүштү уккусу келбей, АША өзү бийлике келген 2010-жылдын апрелин өзгөчөлөнткөнү туурабы? Буга чейин “Бакиев эчтеке кылган эмес, биз кыйратып жатабыз” деп келди эле... Эми мына көрүп атабыз го (?), кандай кыйратканын. Кытайдын 150 сомдук плоскогубсаларын 600 АКШ долларына же 42 миң сомдон бизге саттырыптыр, Кытайдан 386 млн доллар карыз алып ТЭЦти оңдотсок анын 150 млн доллары ТЭЦке келип, калган 236 млн долларынын дайыны жок, келечек муундун моюнуна карызга илинип, кыргызды кытай алдында “кутулбас куйага” калтырып, тышкы карызыбызды берки экөөнөн кыйын көбөйтүп 5 млрд АКШ долларына жакындатып салыптыр. Кытай менен болгон баардык проектилер ушундай акчанын жарымын жеп алмай проектилер экени күн санап ачылып жатпайбы. Анан кайдагы майрам? Эл үчүн майрам болсо да, АША үчүн майрам эмес. 
АША ошол эскерүү кү ндү өз пайдасына оодарып, көчүгүн жабыш үчүн, жөө жүрүш кылам деп атат. “Менин жеп ичкич кадрларыма, менин көчүгүмдү калкалачуларыма тийишпегиле, менин тиешем бар сыяктуу коррупциялык иштерди текшербегиле, артымы чукубагыла, коррупция менен күрөшкөндө бизге асылбай, бизден башкалар менен алектенгиле” деп жаңы президентке кыр көрсөтүп, -“жиндилерим көп, жиниме тийсең төө басты кылам” деп Сооронбай Жээнбековду коркутуш үчүн чыгам деп аткандай эле көрүп атам. 


- Өткөндө ЖМКлар АШАнын “эки революцияны тең мен жасаганмын” деп Владимир Путинге мактанганын кеп кылышты. Экс-президент Роза Отунбаева АШАнын салымын “жокко эсе” дегендей пикирин билдирди. Сиз ушул эки революцияда тең алдыңкы катарда, эл баштап жүргөн адам катары АШАнын салымын кандай баалар элеңиз? 

 


- Роза эже туура эле айтып жатат, курултай, митинг өткөзгөнгө анча-мынча тыйын чыгарганы болбосо эч деле салымы жок. Жеке кызыкчылыгы үчүн ал кездеги оппозицияны сатып кеткен учурлары бар. Эки элдик көтөрүлүштүн чечкиндүү убактысында алаңдап, “шымын булгап” алган суу жүрөк катары эле билем. Азыр эле акчага семирип алгандан кийин кыйынсынып, Путинге мактанып атпайбы.


- Суу жүрөктүгүнөн далилдерди келтирбесеңиз сөзүңүз куру сөз болуп калат го?


- Макул айтайын. 2010-жылдын мартындагы элдик көтөрүлүштө Алмазбек Атамбаев, раматылык Мелис Эшимканов, дагы бир топтору “Газелдин” бортунун үстүнө түшүп “Көк Жар” жаңы конушунан элди баштап аянтка келгенин көргөнсүздөр. Ошондо мен раматылык Усөн Кудайбергенов экөөбүз жөө баскандардын колоннасын баштап келгенбиз. Мындай жөө жүрүштүн далайын баспадакпы. Резинка ок көп жолу тийди. Адамдар деле суу кечээрде шыкалып эркечти күткөн койлордой болуп калат экен. Алдыда белгисиздик, куралчандар тосоору чочутат да... 


Ошентип баштап борбордук аянтка келсек Топчуке, Бекназаров, Отунбаевалар Ош базар, Назаралиевдин клиникасы тараптан келген колоннаны уруп, согуп чилче таратып борбордук аянтты күч түзүмдөрү ээлеп алыптыр. Топчукелердин тобу Киевскийге, Дзержинкага, Ала-Тоо кинотеатрына, эски аянт тараптагы парктарга, Кыр драмтеатр, Панфилов паркына кире качып, чама-чарктары жетпей, духтары түшүп, “болбой калды, жеңилдик” дегенсип, маанайлары чөгүп калыптыр. 


Анан биз келип калдык.Тыныстанова көчөсүнөн өтүп, Ала-Тоо кинотеатрынан чыга бергенибизде, жаны ичине тартып, каны кайнап, токмок жеп турган байкуштарга жан кирип, бизге кошулуп, аянтты каптап кирдик. Күч түзүмдөрү безген бойдон мурдагы Топчукелер жашынган тараптарга житип жок болду. 


Ошондо көзу алайып, коркуп алган АША машиненин үстүнөн -“токтогула, акүйгө барбагыла, атат, атат!” деп микрофондон кыйкырып бизди токтото баштады. Ошондо эл буйдала түштү. Анан, Үсөн Кудайбергенов, “ээй, да пошел он!” деп кыйкырганда, дүпүрөп акүйгө багыт алдык. “Буларды атса, мен да соо калбайм” деп калчылдаган АШАнын, көзү алактаган бойдон ошо жерде калганы эсимде. Мен биринчи катарда, он чакты бала менен акүйдүн темир тор дарбазасына жетип барып, кол менен эле, ары бери калчылдатып силксек, дарбаза ичин көздөй кулап түштү. Усталар сварка менен бош эле карматып койушуптур. А беш жылдан кийин көрдүнөр го (?), өлө сваркалаптыр, Урал машинеси менен сүзгүлөп жатып араң жыгышты го... Андыктан, АША жөн эле, баягы, “жаман атка жал бүтсө жанына торсук байлатпайт” дегендей, ооз көптүрүп атат да. Элдик көтөрүлүштү АША жасаган эмес, биз жасаганбыз, эл жасаган! 


- 2010-жылдын 7-арелинде да сиз эпицентрде болдуңуз да. Ошол кезде АША кантип революция кылды эле? 


- Эми апрелдегисин айтайын. 6-апрелде эртең курултай эмеспи деп, даярданып, үйдө өргүп жатсам Өмүрбек Текебаев телефон чалды. Үнү каргылданып, “Сабыр, досум, мени камаганы алып кетип жатышат, үйүмө “Альфанын” аскерлери келиптир...”, дегенге араң үлгүрдү. Аңгыча, а кездеги “Учур” азыркы “Азия ньюс” гезитинин редактору Аслан Сартбаев телефон чалып калды. “Алмазбек Атамбаевдин үйүн спецназ курчоого алып, камаганы жатыптыр” дейт. 
Аслан Сартбаев машинасы менен келе калып, экөөбүз экс-президенттин Горький көчөсүндөгү переулоктогу үйүнө жетип бардык. 


Спецназ жардамга келген элди жолотпой Горький көчөсүндө тосуп атыптыр. Жөөлөшүп өтүп барсак дарбазанын алдында эки бөлөк тизилген спецназ, баары куралчан, маскачан, “Атамбаев үйдөн чыксын, повестка бар, суракка алып барабыз” деп, короого кире элек экен. Тротуарда Токтайым Үмөталиева, Назгүл Мамытова, Кара дуба (Мелис Карыбеков...) ж.б. бир топ журналистер менен укук коргоочулар спецназ менен айтышып, жакалашып, тирешип туруптур. Кийин Кара дуба “спецназ катуу токмоктоп кетти” деп жүрүп эле кара джип минип калды. “АШАнын командасына кошкону үчүн Сарпашев джип алып бериптир” деп, журналистер айтып жүрүштү. Кийинчереек, корого кирип, чыгып атып бул топко Жылдыз Мусабекованын келип кошулганын көргөм. 


Короодо сары Болот (Болот Сүйүнбаев азыркы КГБнын замы), дагы бир жан сакчы жүрүптүр.  Үйдүн ичинде, Кодуранова, Скрипкина, Карамушкина, Кубат Оторбаевдер бар экен. Эшик ачылганда Аслан Сартбаев үйгө кирип, Болот Сүйүнбаев сыртка чыкты. Мен, “Болот, болбой калды, ушуну менен токтосок бүттү! Кул болобуз! Келе автоматыңды бер, андан көрө атышып, эркекче өлөлү!” деп куралына жабыштым! Болот “байке, булар көп, бөөдө өлүм керек эмес, точка койбойлу, шанс калыш керек” дегенсиген сөздөрду айтып курал бербей койду. Спецназдын башчысы Алмаз Жолдошалиев үйгө эки, үч ирет кирип, тынч, алар менен суракка барууну сунуштап жатты. Акыры спецназ короого жөөлөп кирип, болгарка менен эшиктин айлампасын тилип Алмазды алып кетти.


Эртеси, элдик көтөрүлүштүн аркасында бошогондон кийин ошол түңкү окуя тууралуу сүйлөшсөк, “зато мен убакытты чойуп атып, семьямды коопсуз жакка жайгаштырганга үлгүрдүм” деп АШАңар тыржайгандан башка кеп айта алган эмес. 


Ошо түнкү коогалаңды тартып, интернетке чыгарган Аслан Сартбаев мага, “байке, коркконунан шымына сийип салыптыр, спортивка шым кара көк экен жакшылап тартсам да суу экени көрүнбөй, видеого чыкпай койду” деп айтканы бар. 


Ошо түнү камакка алынган Бириккен Элдик Кыймылдын (БЭК) жетекчилеринин баарын УКМКга алып барып, анан АШАны (“митингге акча берет, премьер кылганыбызга карабай сатып кетти” деп Бакиевдер жек көргөндөн улам) Бишкек УВДнын камагына алып барганы белгилүү. “Караларга салып бергени жатышат го?” деп шекшиген АША эшикти каккылап, улуп-үңшуп, өкүрүп-бакырганын. Ал жакта да “шымын булгап” таң аткыча ыйлап чыкканын милиционерлер кийин УВДга башчы болгон Туратбек Мадылбековго айтып берип жатканда өз кулагым менен уккам. Андыктан Путин экөөң ишенсеңер да, анын баатырлыгына мен ишенбейм, “ал эч кандай революция жасаган эмес, бирок революциянын жемиштерин ой-да пайдаланды десеңер” мен кошулам.


- Эми анан, жанагы Мискенбаев деген экс-депутат тууралу. Ал эмне деп атат? Эмнеге ал айтса эле Шабдан баатырдын атындагы көчө заматта өзгөртүлүп калат. Бу кандай?


- Мискенбаев деген ким? Ал АШАга Фарид Ниязов тигип берген “ооз”. АША өзү айткандан уялып, айткысы келбеген сөздөрду Мискенбайга айттырат. “Эл үчүн иштеп, коррупциянын тамырын кыркып жатам” деп ооз көптүрүп келген АШАнын былыктары чыгып, кыргызды карызга белчесинен батырып, өзү ойда туйтунганы ачыктала баштады. Артынан чочулаган АША апрель окуясына жамынып, колдонуп десек да болот, артын жабуу аракетинде ушул теманы күчөтүп жатат. Башкача кандай айтсаң да туура эмес. Көтүн жабуу гана аракети!


- Мискенбаев тууралуу айтпай, кайрадан эле АШАга кирип кеттиниз. Мискенбай тууралу айтсаңыз?
- Жакшы, айтайын. Мискенбаев жана ошого окшоп, биртоп жылдан бери догурунуп, “апрель революциясына катыштык” деп дивиденд талап кылып келе жаткан “Айкөл Ала Тоо”, “Апрель байрагы” деген сыяктуу жети-сегиз коомдук уюм бар. Мискенбай ошолордун биринин өкүлү. 


7-апрелден кийин, аянтта эл кыжы-кужу болуп, бир топко чейин таркабай, “биз төңкөрдүк, силер кызмат алдыңар, биз эчтеке алган жокпуз, что это такое, биз менен эсептешкиле, бизидин маселени чечкиле” деп таркабай жүргөн жоон топ пайда болду. 


Анан ошондо Эмилбек Каптагаев деген жердешибиздин башына “гениалдуу” ойлор келип, а кездеги убактылуу өкмөттун көчүгүн бекемдеп, идеологиясын турукташтыруу максатында бир топ иш чараларды ойлоп чыгып, Роза Отунбаеванын чечимдери менен ишке ашырган. Алардын логикасы большевиктер партиясынын логикасынан эч деле айырмасы жок. Стаханов, Зууракан Кайназарова, Таштанбек Акматовго окшогондорго колдонулгагн социалистик жарыш схемасы. Зууракан эже деле ак эмгек кылган адам. Ал киши планын 120 пайызга орундатса, башкаларга үлгү болсун деп, ал эжеге кошуп жазып, 210 пайыз аткарды деп башкаларга мисал кылып, төшүнө алтын тагып, депутат кылып, лимузинге, самолетко салды.


“Таштанбек Акматовдун “ар бир жуз койу эгиз тууду, ичинен үч эм тууган үч койдун, жана жалпы баарынын козулары аман-эсен торойду, ар жүзүно жүз үчтөн козу алып берди, ушундай көргөзмөгө жетсеңер силер да жыргайсыңар ”, “Таштаке көргөн сый-ургалды силер да көрө аласыңар”,- деп, калгандарды мотивация кылган ыкманы колдонобуз деген Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү “революция кылдык, силер тактыга отурдуңар, биге да бирдемке бергиле!” деп тарабай дүргүп аткандарга калайдан медал чаап таратты. Башы иштебесе да, бозого тойгузуп, бакиевдерге каршы фас (!) дегенде, сүткө тойгон күчүкчө борсулдап үруп турган шобланы жаратты. Кийин ал ишти Фарид Ниязов менен АША катуу өздөштүрүп, Мискенбай сыяктууларды депутаттыкка чейин жеткизип, кийин место керек болгондо көчүккө тепти. Анан кайра, ары жок экен ит аякка ботко салса келип жеп, үр десе үрүп атат. Буларда намыс, ар деген жок экен. Булар эми, баягы огороддун башына карга кузгун, таранчы, чымчыкка каршы койгон чучелодон айырмасы жок. ЧУЧЕЛО да, кыскасы. Анан, ошол балит адамдар тууралуу ооздун желине коротуп, чынын айтсам, сөз козгогум деле келбейт. 90 баланын арбагын соодалап, көч үгүн калкалап өлүп атышат. Жеген аштары аш болбойт го? Мискенбаев сыяктуу желпинип, өкмөттөн кун сурап жүргөндөр жетиштүү. 


“Жок мен эл үчүн кылдым, мага эчтекеңердин кереги жок” деп, жексурун бийликтин кулаганына каниет кылгандар да бар. Мисалы, менин айылдашым, кичүү болсо таякем Тоң районунун Төрт Күл айылынын тургуну Мелисовичтин эрдигин мен эч унута албайм. Чоң, военный Урал автомашиналары тумшугу менен барып дарбазаны сүзүп, окко кабылып, бир нече бала кайтыш болгондо ошо менин таякем (кичүү болсо да таяке дейсиң да) Мусаев Абил арты менен (задний холд менен) барып дарбазаны кулаткан.


Кийин таажеңем, накта баатыр Абилдин мамасы, Орозакунова Жакшылык (Жакен эже)  -“Сабыке, элдин баары эле орден алып атыптыр, балам, таякең эчтеке албай калды” деди. Ошондо, “эжеке (мугалимим болгондуктан таажеңе дебей эжей дейт элем), албай эле койсунчу, арты жакшы болбой атат” деген элем. Анткени, ошонун алдында Текебаевдин Ак үйдүн 7-кабатындагы Текебаевдин кабинетине кирсем Жоомарт Оторбаев экөө отурушуптур. Текебаев ордунан тура калып, “Сабыке эмгегиң бар, мобул сыйлыкты тагып койойун” деп калай медалды алып чыкты. Мен болсом, Жоомарт Оторбаевдин козүнчө “Өмүкө колуң уят болуп калат, мен албайм, уят болуп каласың, кайра салып кой, мен калай алайын деп көтөрүлгөн эмесмин, элимдин эркиндиги үчүн чыккам” дегенде Өмүрбек турган жеринде катып калып, бир аздан эсине келип, айласыздан артка кайтып, калай медалын шкафка салганы эсимде. 
Эми бүгү н кандай болуп жатат! Биз жасадык! Биз кеттик! Эчтеке сураган жерибиз жок! Анан мобу “мискенбайлар” кайдан чыкты? Буларга эмне керек, булар эмне тойунбай жатат? Булар деги революционерлерби? Анда 7-апрелге чейин эмне үн каткан эмес? 6-апрель, деги эле 2014, 2013-жылдары эмнеге үн каткан эмес. Кайда жүрүшкөн? Кыргызстанда эмес беле? Эмнеге булар мародорлер сыяктуу эле бир күн чыгып коюшуп, өмүр бою кун талап кылышы керек. Биз билебиз, эл билет, булар бир күндүктөр! Ошо 7-апрель күнү эл менен, мародорлор менен кошо, кайып каскагынан ошол окуяга күбө болуп, анан төңкөрүшкө катышкандыгы үчүн акча сурап калгандарга кошулуп калгандар.
Бийликке жаңыдан отуруп, тууган туушканын орноштуруу менен алек болгон Убактылуу өкмөт мүчөлөрү маселени кабыргасынан койуп, адилеттүүлүктү талап кыла турган фронтовиктерине караганда, “бозого тойгузуп койсоң, кимге болсо борсулдай бере турган” группаны түзү ниети болгондугун танып болбойт. Ошолор, кыргыздын убалына калды, Арбак урсун аларды!

 


Маектешкен Нургазы АНАРКУЛОВ, Булак: «Майдан. kg» гезити