Жаз келгендигинин белгисиби же экс-президент азыркы президентке сес көрсөтө баштадыбы, айтор А.Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү С.Жээнбековдун огородуна таш ыргыта башташты.

 

Мындай “чабуул” 17-мартта Аксы окуясынын 16 жылдыгына карата “Форум” ишканасынын алдындагы иш чарада экс-депутат, “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин жетекчиси М.Мискенбаев тарабынан жасалды. Ал ошол учурдагы президент А.Акаевдин режиминин курмандыгы болгон маркум аксылыктарды эскерүү митингинде чогулган элдин алдында микрофондо сүйлөп жатып күтүлбөгөн жагдайда эле теманы башка жакка буруп, мындай деди: “Саясатчы деген өз сөзүнө бек туруп, берген убадасын так аткарыш керек. Мисалы, президент С.Жээнбековдун иниси А.Жээнбеков “эгер агам президент болуп шайланса депутаттык мандатымды тапшырам” деп убада кылган. Бирок алигиче ал убадасын аткарган жок. Үй-бүлөлүк-кландык башкаруу боюнча ар түрдүү сөздөр чыкпаш үчүн ал депутаттык креслосун таштап кетиш керек эле. Биз буга чейин өзүнүн туугандарын бийликке алып келген эки президентти көргөнбүз. Үчүнчүсүнө жол бербейбиз! Жээнбеков өз туугандарын бийликке жакындатпаган Атамбаевден үлгү алса болмок”.

 

Албетте, көпчүлүк ал бул сөздү өзүнүн “патронунун” уруксатысыз айта албайт эле дешүүдө. Демек, Атамбаев-аталык өзүнүн жеке менчигиндей эсептеген президенттикти досу С.Жээнбековго “берип койгондугуна” өкүнүп, ва-банкка бараткан турбайбы...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №010, 21-март 2017-ж.