Кечээ, 19-мартта Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков
Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу
сүйлөштү. 

 

Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

 

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди Россия Федерациясынын Президенти
кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктап, жогорку мамлекеттик кызматта
ийгиликтерди каалады. 

 

Мамлекет башчылары аңгемелешүүнүн жүрүшүндө ЕАЭБ алкагында кызматташуу жана
ошондой эле Россия Федерациясында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык
кеңештин жыйынын талкуулашты.