2018-жылдын 15-мартында Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан
Назарбаевдин чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай
Жээнбеков Казакстандын Астана шаарындагы Борбордук Азия Мамлекет
башчыларынын биринчи консультациялык жолугушуусуна катышуу үчүн барат. Бул
тууралуу бүгүн, 14-мартта жалпыга маалымдоо каражаттарына брифинг учурунда
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн
башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

 

Ал белгилегендей, жолугушууда аймактык күн тартибинин көпчүлүк актуалдуу
маселелери боюнча пикир алышуу болот. Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын
консультациялык жолугушуусунун негизги максаты – үзгүлтүксүз
консультацияларды жүргүзүү жана эл аралык, аймактык өнүгүүнүн эң актуалдуу
маселелери боюнча пикир алмашуу.

 

«Аймактын өлкөлөрүнүн позицияларын макулдашуу, саясий баарлашууну бекемдөө
жана ошондой эле саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык,
каржы-инвестициялык, транспорт-байланыштык, илимий-техникалык жана
маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну мындан ары өнүктүрүү.
Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын саммиттери жылына бир жолудан кем эмес,
ири жалпы аймактык майрамдардын жана башка эл аралык иш-чаралардын алдында
салттуу түрдө өткөрүлөт деп пландаштырылууда. Быйыл жалпы майрам Нооруздун
алдында өтөт», - деп билдирди Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн
башчысы Данияр Сыдыков. 

 

Анын айтымында жумушчу жолугушууда Нооруз майрамына арналган, тыгыз аймактык
кызматташууга, өз ара колдоого, Борбордук Азия аймагынын коопсуздугун,
туруктуулугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо максатында актуалдуу
маселелерди биргелешип чечүүгө умтулуу камтылган Мамлекет башчыларынын
биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу пландалууда.

 

Мындан тышкары, Мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында Кыргыз
Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Казакстан Республикасынын
Президенти Нурсултан Назарбаев менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган.
Анда кыргыз-казак мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эки
тараптуу күн тартибинин бардык маселелери боюнча өз ара пайдалуу
кызматташтыкка дагы бир жакшы дем берүү болжолдонууда.

 

Белгилей кетсек, Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын жолугушуусунун мындай
форматын Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев сунуштаган. Жолугушууга
Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын
Президенттери катышат.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү