Эгер эсиңиздерде болсо, А.Атамбаев кетип жатып, “Өзүм менен кошо эски саясатчыларды алып кетем. Мен кайра келем, бирок алар келишпейт...”,- деп эсибизди оодарып кеткен болчу.  Ошондуктан достору да, кастары да экс-президенттин саясатка кайра келерин чыдамсыздык менен күтүшүүдө. Бирок, алгач эски жылдын этегинде, кийин январда, февралда келем деп улам үмүттөндүргөн боюнча карааны көрүнбөйт. Бул ирет 31-мартта чындап саясатка кайтып келет окшойт. Себеби ушул күнү КСДПнын съезди өтө турганын Жогорку Кеңештин депутаты М.Аманкулов жарыялады. Анын айтымында, учурда уюштуруу комитети даярдык иштерин каттуу жүргүзүп жатыптыр. Кайсы жерде өтөрү белгисиз бийлик партиясынын курултайында бир гана маселе – төраганы шайлоо каралат. Бул орунга жалгыз талапкер – А.Атамбаев. Демек, КСДПнын лидерлигине экс-президент бир добуштан шайланары бештен белгилүү болуп калды. Өткөн жумада президенттик аппараттын башчылыгынан кеткен Ф.Ниязовдун да мындан кийинки ишмердүүлүгү КСДП менен байланышарын каңкуулагандыгы да бекер болбосо керек. Айтор Атамбаев жана анын кланы жаз алдында тылын бекемдөөдө. Эми ал келгенден кийин эмне кылат? Сөзсүз депутат болуп, андан ары парламент төрагасы болорун серепчилер божомолдошууда. Дагы бир имиштерге ылайык, өз партиясынын тизмесин жаңылап, ЖКны таратуу менен жаңы парламенттик шайлоого баш урары да мүмкүн. Андыктан Конституцияга ылайык, Кыргызстан парламенттик республика болуп эсептелет. Кыскасы, Президент, Премьер-министр да төрагага баш ийип, эки тизгин, бир чылбыр толук бир колго өтүшү мүмкүн.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити