Мындай жүзү каралык менен алектенген абийирсиз Аллахтан коркушпаган ( Аллахтан коркушса мындай арам иштер менен алектенишпейт эле да) адамдардын тобуна, токтоосуз түрдө жооп кайтарууга убакыт келди. Анткени буга чейинки бир катар каралоо иштерине “Кербен жүрө берет, ит үрө берет”,- деген элибиздин даанышман сөзү менен астейдил көңүл бурбай, изги тилек, адал иштерибизди улантып иштеп келдик.

Тилекке каршы биздин бул аракеттерибизди андай абийирсиз адамдар ар кандай түшүнүп, биздин коркок билиштигибиз же күнөөлүүдөй көрүшүп улам күчөтүп баратышат.

Андай эмес!

 

Албетте, биздин сабырыбыз түгөнбөйт!

 

Анткени менен эл, коомчулук, эң башкысы биздин кардарларыбыз ар кандай күдүк ойлорго батып, бушайман тартып баштагандыгы бизди тынчсыздандырып, акыры өз чындыгыбызды айтып, коомчулукка туура маалымат берүүгө аргасыз болдук.

 

Сөз башынан болсун.

 

А деп “Ихлас” курулуш компаниясы мындан сегиз жыл мурда 2010-жылдан тартып Ош менен Бишкек шаарларында көп кабаттуу турак үйрлөрдү куруп баштадык. “Ихлас” деп аты айтып тургандай биздин компанияны чын дилибизден таза жана адал ой максаттар менен, ислам жолунда, диний түшүнүктөрдү бекем тутуп, ыйманды бийик кармаган кыргыздын мекенчил жигиттери түптөгөнбүз.

 

Биздин артыбызда эч бир саясатчы, же таасирдүү адамдар турушпайт жана өнөктөштөр да эмес!

 

Бизди өкүндүргөнү “Ихластын” туруктуу өнүгүшү менен жараткан ийгиликтерибизди башка бир адамдардын ысымы менен байланыштырып, бизге тийешеси жок адамдарды коомчулукка таңуулашып, жармаштырып келишкендиги. Атап айтсак, Жантөрө Сатыбалдиев, Икрам Илмияновду дайым бизге жармаштырышат. Биз так кесе айтабыз аталган кишилердин бизге такыр тийешеси жок! Алар менен өнөктөш да эмеспиз! Учурдан пайдаланып ошол кишилерге да кайрылгым келет, силер да үн катып, биздин компанияга тийешеңердин жоктугун аныктап койсоңор жакшы болоор эле. Дагы бир өкүнүчтүү жагдай өткөн жумада парламент трибунасында ЖКнын депутаты Тиллаев Таабылды мырза такталбаган, туура эмес сөз сүйлөп, биздин компаниянын кадыр баркына доо кетирди. Таабылды мырза бул маселенин чоо жайын толук тактап, иликтеп анан бийик трибунадан сүйлөсө болмок.

 

Ошонун негизинде дагы да айрым адамдардын чырагына май тамып,  “Кыргыз тудей” интернет сайтына “Илмиянов менен Сатыбалдиевдин” “Ихлас” фирмасы 5 гектар жерди кантип ээлеп алды? – деген аталышта дагы бир такталбаган каралоо макаланы чыгарышты.

 

Анда айтылгандардын баары калп жана чындыкка такыр жакындабайт!

 

Таң калыштуусу, макалада айтылган беш гектар жерди “Ихлас” эч бир курулуш мыйзамдарына карабай бекер, туура эмес алгандай сүрөттөлөт. Кудайдан корксоңор боло!

Кантип эле баш калаабыздын ичиндеги бир жер тилкесин жэр ээси болгон Бишкек мэриясы, курулуш  жана ахитектура агенттиги баш болгон, бир нече курулушка уруксат берүүчү органдар жөн эле мыйзамсыз берип койушсун!

 

Тактап айтсак ал жер 5 гектар эмес 2.868 гектар.

 

 Эч качан жана эч убакта андай болбойт да!

 

Биз мыйзамдын жана курулушка тийешелүү баардык эрежелердин, уруксат кагаздарынын негизинде ээ болгонбуз ал жерге.

 

Бишкек шаарынын Ч.Айтматов проспекти номерсиз участкасында – 2.868 га жер участогу Бишкек шаарынын 2025 жылга чейинки Генералдык планында – коп кабаттуу турак жай үйүн куруу жана шаардык коомдук борбор катары каралган.

 

2017-жылдын 27-сентябрында Градкеңештин чыгарган градокурулуш корутундусу менен бекитилген.

           

Жогоруда аталган жер участогу тоорукка коюлганы “Эркин Тоо” гезитине 2017 – жылы 03-октябрында №107 (2832) санында жарыяланган. Бул иш чара Бишкек шаарынын жерлерге укук берүү комиссиясынын бекитилген планынын негизинде өткөрүлгөн.

           

2.868 га жер участогунун максаттуу багыты – социалдык-маданий жана күндөлүк объектилери менен көп кабаттуу турак жай үйүн проектирлөө жана куруу үчүн каралган.

           

Анын негизинде, жер участогуна көп кабаттуу турак жай үйүн куруу максатында иштелип чыккан Эскиз проектисинин негизинде, бардык тийиштүү документтер – Генплан, ИТУ, АПУ, мамлекеттик экспертизалар алынып, тиешелүү мамлекеттик органдар аркылуу курулуш иштерин жүргүзүүгө УРУКСАТ кагазы 2018-жылдын 26-январында алынган.

Айта кетүүчү дагы бир маселе , акыркы он жыл аралыгында ошол биз курулуш куруп жаткан шаардын бөлүгүндө  жүздөгөн көп кабаттуу имараттар курулду. Алардын дээрлик көпчүлүгү турак үйлөр. Ошолор курулуп жатканда жана азыр да курулуштар жүрүп жатат, алар тууралуу неге ныпын соз болбойт! Биз курулушту баштасак эле мындай көралбастык кайдан чыкты? Маселе башкада....

 

Эң башкысы биз куруучубуз! Биз бузуучу же бүлүндүрүүчү эмеспиз!

 

Он жылга жетпеген кыска аралыкта ондогон көп кабаттуу үйлөрдү курууга жетиштик. Буйруса дагы жүздөгөн имаараттарды курабыз! “Ихлас” учурда баш аягы үч миң кишиге жумуш берип жаңы жумушчу орундарын түзүүдө. Өлкөбүздөгү жумушсуздукту жоюууга кайсы бир деңгээлде өз үлүшүбүздү кошуп жатабыз. Буйруса көп тармактуу “Ихлас” компаниясы турак үйлөрдү куруудан сырткары чакан ГЭСтерди, завод , фабрикалардын курулушун баштап атабыз.

 

 Биз курулушун баштап жаткан завод, фабрикалар өлкөбүздүн ар кайсы аймактарында орун алууда.

 

Атап айтсак Ош шаарында он миң жумушчу эмгектене турган өлкөбүздө эң ири текстиль фабрикасы, Ноокат районунун аймагында миллион тонналык кубаттуулуктагы цемент заводун, Токмок шаарына базалит заводун, Ысык-Ата районунун аймагына таш талкалоочу завод, ж.б ушул өңдүү ондогон өнөр жай ишканаларын куруп жалпысынан отуз миң жумушчу орун түзүү ниетибиз бар.

 

Өлкөбүздөгү жумушсуздукту жоюууга салым кошуп, он миндеген  жумушчу орундарын түзүп, өлкөбүздүн экономикасынын өсүшүнө  да өзүбүздүн салымыбызды кошмокчубуз. 

 

Ошону менен катар чет өлкөлөргө жумуш издеп кеткен миңдеген мигранттарыбызды мекенибизге кайтаруу аракетин көрөбүз.

 

Акырында айтаарыбыз биз баардык иш аракеттерибизди Кыргыз Республикабыздын тийиштүү мыйзамдарына ылайык жүргүзөбүз жана жараткан Аллахтын алдында Акырет үчүн адал эмгек жасайбыз.

 

Андыктан мындан ары биздин ушундай аруу-тилектерибизге жолтоо болуп, атайын карасантайлык жасагандарга колубузду кууштуруп олтуруп бербейбиз! Мыйзам чегинде сотко кайрылып өз чындыгыбызды коргойбуз!

 

“Ихлас” компаниясынын негиздөөчүсү -  Осмонов  Нурбек.